Беларусь: камакка алынган митингчилерди кордогон мамиле

Беларусь

Сүрөттүн булагы, Getty Images

18+. Көңүл бургула: текстте зомбулуктун сүрөттөлүштөрү бар

Беларустагы президенттик шайлоодон кийинки каршылык акциялары учурунда бир нече киши камакка алынды. Миңдеген киши кемсинткен, кордогон мамилеге кабылганын айтууда. Көптөрүн уруп-сабап, кемсинтип, кезертип ачка кармашкан. Би-Би-Си мына ушундай абалга туш болгон бир нече кишинин арызын укту.

Алина Береснева, 20 жашта

10-август түндөсү досторум менен Минскинин борбордук бөлүгүнөн кайтып келе жатып милициянын атайын күчтөрүнө (ОМОН) кабылдык. Каршылык акциясына биз аралашкан эмеспиз, бирок ошого карабастан алар мени жерге жаткырышты. Анан автобуска салышты. Ошондон калган көк ала тактар азыр деле колумда жүрөт. Бизди убактылуу кармаган жайга алып келишти. Кире бериште бир киши туруптур, ал богооз сөздөр менен сөгүп жатты.

- Эмне үчүн мындай сүйлөп жатасыз?-дедим ага. Ал мени желкемден кармап туруп, дубалга түрттү, "каякка басышты билип жүрөсүңөр" деди. Бизди, он үч кызды төрт кишилик камерага тыгышты. Телефон чалсак болобу, адвокат чакыра алабызбы деп сурандык. Бир кызматкер орой гана: "Бул эмне силерге америкалык тасмабы? Бул Америка эмес, силерге эч нерсеге уруксат жок",- деди.

Ошентип түндү өткөрдүк. Болжолу күндүзгү саат 12лер чамасында биздин аты-жөнүбүздү тактай башташты. Баарыбыз ачка элек. Ошондуктан тамак сурадык. Биз акчасын деле төлөгөнгө даяр элек. "Жок, иттин балдары, кимге добуш беришти эми билип жүрөсүңөр",- деген жооп алдык. Албетте, биз муну угуп дендароо абалда калдык. Мунун баары үрөй учурарлык эле. Ошентип кезерип олтуруп кеч кирди. Кишилерди ачуу сүйлөгөн сөздөрү, кимдир бирөөлөрдү бирдемеге кол койдурганга мажбурлаган өктөм үндөрү угулуп турду. Биз кыздар менен сүйлөшүп алдык да, эч нерсеге кол койбойбуз деп чечтик. Бизге кезек жеткенде протокол менен таанышып алайын дедим. Эмнеге кол койгонумду билишим керек да.

Бирөөсү мени сөгүп туруп: "Тез кол кой, болбосо ... (зордуктап салам), 20 күнгө отургузам" деди. Ызаама чыдабай ыйлап жибердим. Эмне кагазга кол койгонубузду да билбедик. Баарын унуткула, бүгүн чыгарабыз дешти. Анан 20 кыз олтурган камерага алып келип камашты. Ошентип 33 адам отурдук. Ачкалык айлабызды кетирди. Бир маалда менден муздак тер чыгып, ичим бурап ооруй баштады. Мага дарыгер чакырышты.

Акция учурунда кармалгандардын жакындары

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акция учурунда кармалгандардын жакындары

Баса албай калдым, башым айланып жатат дедим. Дарыгер аял суз тиктеп туруп: "кийинки жолу каякка басышты билип жүрөсүң" деди. Акыр-аягы мага дары беришти. Ансыз да ачка, тызылдап турган ашказанга ачуу дары! Мен аны ичкен жокмун. Ошентип дагы бир түндү өткөрдүк. 11-август күнү бир топ баланы алып келип, тизелетип олтургузуп, жарым жылаңач кылып сабап жаткандарын терезеден көрүп турдук. Биз менен олтурган кыздардын биринин этек кири келип калды. Ал даараткана кагазын сурады эле, "ич кийимиң менен аарчына бер" деп коюшту.

Presentational white space

Сергей (каармандын өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү), 25 жашта

11-августагы митинг, ОМОН күчтөрү

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin/TASS

Мени каршылык жүрүштөрүнүн үчүнчү күнү, 11-августта кармашты. ОМОН эле эмес, атайын даярдыктагы, террорго каршы күрөшкөн элиталык "Алмаз" бөлүгү дагы митингге чыккандарды таратып, кармоого тартылганына күбө болдук. Бизди аянттан алып чыгышты. Сүйлөгөн, каршылык көрсөткөндөрдү ур-тепкиге алып жатышты. Менин рюкзагымда респираторлор, беткаптар бар эле. Аны көргөн офицер "уюштуруучулардын бири экен" деп, сумкенин ээсин сураштыра баштады. Анын ээси экенимди мойнума албай койдум. Бир топко чейин сабашты. Колдорум байлануу эле. Үч кызматкер мени соода борборунун бир бурчуна алып келишти. Бирөөсү граната алып чыгып:

- Азыр шакегин жулам дагы, шымыңа салып коем. Колго жасалган граната жарылды деп коебуз, бүттү, эч ким эч нерсе далилдей албайт.

Рюкзак меники эмес деп көөшөрүп туруп алдым. Анан гранатаны шымыма салып жиберишти дагы чуркап кетишти. Кайра кайтып келип, мазактап сүйлөшүп, кайра сабап киришти.

Presentational white space
Минск

Сүрөттүн булагы, AFP

абактан боштулгандар

Сүрөттүн булагы, Nataliya Fedosenko/TASS

Ушундай окуяларды бир нече кишилердин оозунан уктук. Беларустун ички иштер министринин орун басары Александр Барсуков убактылуу кармоочу жайга өзү келип, таңкы саат алтыга чейин кармалгандар бошотулат деп айтты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "убактылуу кармоочу жайларда эч кандай кемсинтүү, кордоо болгон жок. Мен ар бири менен сүйлөштүм" деди. Бирок убактылуу кармоочу жайдан чыккандар милициянын чектен чыккан мамилеси тууралуу үрөй учурган фактыларды айтып жатышат. (AbA)