ЖМК: Европадагы советтик үлгүдөгү акыркы диктатура кыйрайбы?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Беларустагы окуялар дүйнөлүк басылмалардын көңүлүн бурду. "Александр Лукашенконун режими моралдык жана саясий банкроттукка кабылды", "Европадагы акыркы жана чыныгы диктатура ыдырайбы?", "Ыңкылап же репрессия? Беларусь айрылыш жолдо", "Александр Лукашенко - советтик доордун авторитардык лидери". Батыштын белгилүү басылмаларында мына ушундай аталыш менен макалалар чыкты.
Европанын дал ортосунда миңдеген демонстрант кулак тундуруучу гранаталар жана көз ачыштырган газга карабай, кайрадан авторитардык башкарууга каршы турууда, деп жазды Financial Times. Алдыдагы күндөрдө окуя кандай өнүгөрүн айтуу кыйын болуп турат. Бирок бурулуш учур келди. Мурдагы советтик республика президент Александр Лукашенконун күмөндүү жеңишине далай жолу күбө болгон. Мындай өзгөрүүлөр бир да жолу сезилген эмес эле. Ал эми бийлик болсо демонстранттарга өтө катаал чара көрүүдө.
Александр Лукашенконун режими моралдык жана саясий банкроттукка кабылганын көрсөттү. Президентикке атаандаш боло алат делген үч болжолдуу талапкер тең камакка алынып, шайлоого катыша алган жок. Европа Биримдиги шайлоодогу укук бузууларды айыптады. Алар Лукашенкону Путиндин колтугуна кирип кетет деген кооптонууга карабай эле санкция салышы керек, деп жазды басылма. Беларусь лидери Москва менен Брюсселди бири-бирине тукурган өзүнүн уятсыз талантын далилдеди. Муну менен демократиялык көрүнүштөр ал үчүн болгону косметикалык мүнөзгө ээ экенин көрсөттү, деп жазат FT.
"Саясат таптакыр өзгөрөт"
Минсктеги окуялар Беларустун жана Александр Лукашенконун чейрек кылымдан бери стабилдүүлүккө негиздеп түптөгөн саясий брендин өзгөртөт дегенге эч кандай күмөн жок, деп жазды Guardian.
Жаңы саясий доор, динамикалуу өзгөрүүлөр болобу же ушундай кала береби, азырынча муну болжоо кыйын. "Мындай караганда бүт өлкө өзүнүн кыжырдануусунун тегерегине бирикти",- деди Британиянын Беларустагы мурдагы элчиси Найджел Гулд-Дэвис. Жекшембидеги шайлоодо ачык эле бурмалоолор натыйжасын да бербей калышы мүмкүн деп болжойт Guardian.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эгерде Лукашенко 55 пайыз добуш алды деп жарыяланган болсо, ал өзү дагы элди угуп, элдешүү доорун баштай турганын айтса, нааразылык бир ууч саясий активдүү топ менен чектелмектир. Эми болсо мурда эч качан каршылык билдирбегендер дагы кыжырданууда. Окуянын мындан кийинки өнүгүшү каршылык жүрүштөрүнүн масштабынан жана бийликтин реакциясынан көз каранды болот, деп жазды Guardian.
Желим октон жабыр тарткандар бар. Милиция тарабынан дагы зомбулуктар улана берсе, оппозициянын катары жаңы кишилер менен толуктала бериши мүмкүн. Хоккейдин берилген ышкыбозу Лукашенко коркуп кетип, бат эле эпке келе тургандардан эмес. Укук коргоо жана күч түзүмдөрү оппозиция тарапка өтөбү же жокпу, көп нерсе ушундан көз каранды, деп болжойт басылма.
"Диктаторду досуна карап тааны"
АКШда президенттик шайлоо жарышы кызый баштаганына карабай, Беларустагы окуялар бул өлкөнүн жаңылыктарынын сап башына чыкты.
Си-Эн-Эн телекомпаниясы Беларустагы президенттик шайлоонун тыянактары Александр Лукашенконун режимине ичи чыкпагандарды эле эмес, Минсктин кандай союздаштары калганын дагы көрсөттү, деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Кээде сиз диктаторду досторуна карап дагы билсеңиз болот",- дейт телекомпаниянын баяндамачысы. Си-Эн-Эн Беларуста миңдеген киши шайлоо бурмаланды деп нааразылык билдирип жатса, Кытай менен Орусиянын лидерлери Александр Лукашенкого куттуктоо жолдогонун эске салды.
Тобокелчилик

Сүрөттүн булагы, EPA
Вашингтондогу таасирдүү Axios порталы шайлоодогу "бурмаланган жыйынтыктар" 26 жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенко үчүн эң оор сыноо болду деп жазды. Ал азыр бийликте калуу үчүн колунда бар күзүрдүн баарын колдонууга өттү, деп жазат басылма.
"Минсктеги окуяларга Москва менен Вашингтон байкоо салып турат. Көптөн бери Лукашенко өзүнүн жеке оюну үчүн Орусия менен Батыш ортосундагы карама-каршылыкты колдонуп кетүүгө аракеттенди. Эми болсо эки тарапты тең ачуулантып алуу тобокелчилигине барууда",- деп белгилейт макаланын автору.
Өткөн жылдын декабрында Кремлдин Орусия менен Беларусь союзун кайра түзүү аракетинен баш тарткан. Ушундан кийин Москва Минскке мунай бербей, анын ордун Вашингтон алмашты. Февралда Беларустун баш калаасына АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келип, канча мунай керек болсо, камсыздоо убадасын берген, деп жазат басылма. Axios апрелде он жылдан бери токтоп калган дипломатиялык мамиле жанданып, Вашингтон кайрадан өзүнүн Беларустагы элчисин дайындаганын эске салды. (AbA)















