Беларустагы каршылыктын төртүнчү күнү: калкан болгон аялдар

Протесты в Минске

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Беларуста бейшембинин түнү мурунку күндөргө салыштырмалуу тынч өттү. Массалык кагылышуулар болгон жок.

Бүгүн Польшанын демилгеси менен Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери онлайн аркылуу жыйын өткөрөт. Анда Беларустагы окуяларга реакция жасалышы мүмкүн.

Акцияга келгендер колдоруна роза гүлүн кармап алышкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акцияга келгендер колдоруна роза гүлүн кармап алышкан

Кечээ күнү полиция менен кагылышууда жаракат алып 200 чамалуу киши ооруканага түшкөн. Алты миңдей киши кармалды. Шаршембиде каршылык акцияларынын мүнөзү өзгөрдү. Аялдар эң алдыңкы катарга тизилип чыгып, полициянын зомбулугуна каршы жүрүш болду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Минскиде 200 чамалуу аял ак түстөгү кийим кийип чыкты. Акция бир саатка уланды. Башка аймактарда дагы ушундай мүнөздөгү акция өткөрүүгө аракет кылган аялдарды полиция кармап кеткенин TUT.by порталы кабарлады.

Алексиевич: "Бийлик өз элине согуш жарыялады"

Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Светлана Алексиевич президент Лукашенкону өз ыктыяры менен бийликтен кетүүгө чакырды.

Светлана Алексиевич

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Алексиевич президент Лукашенкону өз ыктыяры менен бийликтен кетүүгө чакырды

"Менимче бийлик өз элине согуш жарыялады. Биздин көз алдыбызда эле эл кантип радикалдашып жатканын көрүп жатам. ОМОНдун аракеттерин эч кимибиз мындай элестеткен эмеспиз",-деди Алексиевич.

Жазуучу шайлоону Тихановская утуп чыкканынан күмөн санабай турганын айтты.

акция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Күч түзүмдөрү курал колдонду

Беларустун Ички иштер министрлиги 11-августта Бресттеги нааразылык акциясы учурунда ок атуучу курал колдонулганын мойнуна алды. ИИМ маалыматында, арматура менен куралданган агрессивдүү топ милицияга кол салганы айтылат.

"Өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн кызматкерлер курал колдонууга аргасыз болду. Кол салгандардын бири жарадар болду",-деп жазды мекеменин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова. Бир нече убакыт өткөн кийин билдирүүдөгү "ок атуучу курал" деген сөздү өчүрүп салышты. Бул күч түзүмдөрү курал колдонгонун мойнуна алган биринчи расмий маалымат.

Президент Александр Лукашенко шаршембиде коопсуздук жана конституциялык түзүмдү коргоо боюнча жыйын өткөрдү.

"Каршылык билдирип чыккандардын көпчүлүгү мурда кылмыш кылгандар жана жумушсуз жүргөндөр. Баарын жакшылыкча суранып жатам жана эскертем: иштебегендер жумушка орношкула",-деди Лукашенко. (AbA)