Светлана Тихановская Беларустан чыгып кетти

Светлана Тихановская

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifulin/TASS

Беларуста президентикке талапкер болуп чыккан Светлана Тихановская Литвага чыгып кетти. Ал мунун алдында эле БШКга шайлоо тыянактары боюнча арыз жолдоп, ошол бойдон дайыны чыкпай калган.

Тихановская видео кайрылуу жасап, оор тандоонун алдында калганын айтты. Буга чейин өлкөсүн таштап чыгып кетпей турганын билдиргени бар. YouTube сайтына жарыяланган кайрылуусунда «бул өнөктүк мени курчутту деп ойлопмун, бирок баштагыдай эле алсыз аял бойдон калыпмын» деп айткан.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Талапкердин ишенимдүү өкүлү Ольга Ковалькова tut.by проталына Тихановскаяны өлкөдөн чыгарып жиберген беларус бийлиги болгонун айтып берген.

Тихановская Литвада экенин бүгүн эрте менен тышкы иштер министри Линас Линкявичюс "Твиттер" баракчасына жазды.

"Светлана Тихановская коопсуз жерде, ал Литвада", -деп жазылган билдирүүдө. Беларустун чек ара кызматы анын чыгып кеткенин ырастады.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

БШК соңку тыянакты жарыялап, Александр Лукашенко 80,08% добуш алганын, ал эми Тихановская үчүн шайлоочулардын 10,09% добуш бергенин билдирген эле. Ушундан кийин Тихановская БШК имаратына барып, добушту кайра саноо боюнча арыз калтырууну чечкен. Ошол эле маалда анын штабы ар кандай чагымчыл аракеттер болуп кетиши мүмкүн экенин эске алып, Тихановская каршылык жүрүштөрүнө катышпай турганын жарыялаган болчу. (AbA)