Дүйнө назарындагы Беларусь: дүйнөлүк медиа жана Бишкектеги акция

Минскидеги каршылык жүрүшү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Минскидеги каршылык жүрүшү

Минскидеги массалык акциялар Беларусту дүйнө коомчулугунун көңүл борборуна чыгарды. Бир аптадан бери Беларустагы окуялар Батыш басылмаларынын баш сабынан түшпөй жатат. Бишкекте онго чукул жарандык активист Беларустагы митингчилерди колдогон акция өткөрдү.

Батыш басылмалары "Лукашенко калдастап калды", "Путинге ишеним артып жатат" деген өңдүү пикирлерди жазууда. Washington Post "беларустар авторитардык башаламандыкта шайлоодогу жеңишти кантип коргоп калуу керектигин бизге үйрөтүүдө" деп белгилеген. Америкалык дагы бир алдыңкы басылмалардын бири New York Times жекшембидеги акциялар Лукашенко НАТОнун бастырып кириши жана башка опузалар менен элди коркута албаганын көрсөттү деп жазды.

"Кыязы Лукашенко батыш чек арасындагы ойдон чыгарылган аскер кризисин Орусиянын колдоосуна таянуунун жана өлкө ичиндеги каршылаштарына каршы туруунун мыкты ыкмасы катары эсептеп алса керек",-деп жазат басылма. Ошондой эле бир нече апталар мурун эле "Кремль бийликти кулатууга аракет кылып жатат" деп айыптап келип, эми кайра теңирден тескери сүйлөп жатканына көңүл бурган.

Беларуста жекшембиде эң ири каршылык акциялары өттү. Оппозиция иш таштоо жана маассалык каршылык жүрүштөрү аркылуу кайра шайлоо өткөрүүнү, президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Александр Лукашенконун шайлоодогу негизги атаандашы Светлана Тихановская дале Литвада экени белгилүү.

Ал ортодо Кыргызстандын баш калаасы Бишкектеги Беларусь элчилигинин алдында онго чукул активист Минскидеги митингчилерге колдоо көрсөтүп акция өткөрдү. Анда зомбулукту токтотуу чакырыктары айтылган.

Бишкектеги Беларусь элчилигинин алдындагы акция

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги Беларусь элчилигинин алдындагы акция

Беларустагы президенттик шайлоонун эртеси күнү эле Александр Лукашенко Минск облусуна жумушчу сапары менен барып, "Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын" иши менен таанышканын президенттин расмий сайты жарыялаган. Бул ишкананы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов жетектейт деп айтылып жүрөт. Аны ысымын Даниил Урицкий кылып өзгөртүп алганы тууралуу маалыматтар чыккан. Кыргызстандын мурдагы президенти К.Бакиев Беларуста башкалкалап жүргөнү баарына маалым. Ошондуктан Беларусь президентинин сайты жарыялаган сүрөттөр Кыргызстанда кезектеги жолу кызуу талкууга түштү. Анда Лукашенко Даниил Урицкийге "Данияр" деп кайрылган тасмасы дагы коомдук сайттарда кызуу талкууланган. Мындан алдын эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков беларустун лидерин шайлоодогу утушу менен куттуктаган болчу. Артынан эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча нота жөнөттү.

Лукашенко 1994-жылдан бери бийликте келе жатат. Бул жолку саясий кризисте ал Москванын жардамынан үмүт артууда. Орусия президенти Владимир Путиндин позициясы азырынча так айтыла элек.