Беларустагы кырдаал: каршылык жүрүштөрү кулачын жайды

Жекшембиде Минскиде эки башка митинг өттү: президенттин отставкасын талап кылган жана Лукашенкону колдогон

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде Минскиде эки башка митинг өттү: президенттин отставкасын талап кылган жана Лукашенкону колдогон

Жекшембиде Беларустун бир нече шаарында Лукашенконун отставкасын жана күч түзүмдөрүн зомбулук аракеттери үчүн жоопко тартууну талап кылган жүрүштөр болду. Мунун алдында эле Минскиде Александр Лукашенкону колдогон митинг өткөн эле.

Мамлекеттик маалымат каражаттары бийликти колдоо митингине 50 миңден 70 миңге чейин киши чогулганын кабарлады. Ошол эле маалда TUT.BY порталы MapChecking сайтынын жардамы менен 10 миңден 31 миңге чейин киши чогулганын жазды.

Оппозициянын жүрүшүнө жалпысы болуп 220 миң чамалуу киши катышты, деп жазды TUT.BY. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жүрүшкө катышкандар саны боюнча эч кандай маалымат берген жок.

Александр Лукашенко тарапташтарынын алдында жарым саат сүйлөдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Лукашенко тарапташтарынын алдында жарым саат сүйлөдү

"Кимдир бирөө жаңы шайлоо өткөрүүнү самап жатат. Терезени карагылачы! НАТОнун күчтөрү биздин чек арабызда турат. Литва, Латвия, Польша, Украина бизге кайра шайлоо өткөрүүнү буйрук кылууда. Эгер биз алардын айтканы менен кетсек, бизде эч качан тынчтык болбойт",-деди Лукашенко.

Бийликти колдогон митинг

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийликти колдогон митинг

Нааразылык жүрүшүнө чыгып жаткандарды "бөтөн кишилер башкарууда" деп айыптады беларус лидери.

Оппозициялык маанайдагы митингге көп сандагы кишилер чогулду. Кечки саат бештерге барып митинг тарады. Ушундан кийин митингге келгендердин айрымдары кармала баштаганы тууралуу маалыматтар айтылып, бирок ИИМ муну четке какты.

Нааразылык жүрүштөрү өлкөнүн башка дагы шаарларында болгон.

Оппозициянын митинги, Минск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппозициянын митинги, Минск

Брест шаарынын мэри Александр Рогачук демонстранттардын алдына ИИМдин шаардык башкармалыгынын жетекчиси, Тергөө комитетинин жетекчиси жана шаардын прокурорун ээрчитип чыкты. Аларды тааныштыра баштаган учурда митингчилер "Киши өлтүргүчтөр" деп кыйкырып, сүйлөтпөй коюшту.

Брест шаары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Брест шаары
Площадь Независимости

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS

Гомелде нааразылык билдирип чыккандар өлкөнүн расмий туусун алып салып, анын ордуна ак-кызыл түстөгү тууну илишкен. Ак-кызыл түстөгү желек Александр Лукашенконун бийлигине чейинки өлкөнүн туусу эле.

Путинге коңгуроо

Ишемби жана жекшемби күндөрү Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду. Ушундан кийин Орусия "биринчи эле кайрылууда" жардамга келет деп айтты.

Кремлдин басма сөз кызматы болсо "Беларустагы шайлоодон кийинки түзүлгөн кырдаал жана көрсөтүлүп жаткан басым тууралуу сөз болгонун" кабарлады. Союздук мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизги принциптерине таянып, ошондой эле ЖККУ багыты боюнча орус тарап жардам берүүгө даяр экенин билдирген. (AbA)