"Биз туулган күнгө келдик, өткөрүп жибергиле": Лукашенкого "белек"

Беларустагы каршылык жүрүштөрүнүн 22-күнү президент Александр Лукашенконун туулган күнүнө туш келди

Сүрөттүн булагы, TUT.BY/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларустагы каршылык жүрүштөрүнүн 22-күнү президент Александр Лукашенконун туулган күнүнө туш келди

Жекшембиде Минскиде кезектеги массалык нааразылык акциясы өтүп, шаардын борбордук бөлүгүнө он миңдеген кишилер жыйылды.

Беларустагы каршылык жүрүштөрүнүн 22-күнү президент Александр Лукашенконун туулган күнүнө туш келди. Ал 66 жаш курагын белгилеп жаткан.

Акциянын катышуучулары Эгемендик сарайынын көздөй жөнөдү. Жолдо күч түзүмдөрү бир нече кишини кармады

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акциянын катышуучулары Эгемендик сарайынын көздөй жөнөдү. Жолдо күч түзүмдөрү бир нече кишини кармады
Задержания в Минске

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акциянын катышуучулары Эгемендик сарайын - президенттин резиденциясын көздөй жөнөдү. Жолдо күч түзүмдөрү бир нече кишини кармады. Көптөр колдоруна "белектерди" кармай келишкен. Оюнчук автозактар, шариктер, плакаттар. Айрымдар шам жагып: "Саша, үйлө!", "Саша, сыртка чык, куттуктайбыз!",-деп кыйкырып турушту.

Минск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Девушка перед оцеплением

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Лукашенко демонстранттардын алдына чыккан жок. Бирок алар менен сүйлөшүүгө жардамчысы Николай Латышенок чыкты. Ал бийлик менен оппозиция ортосунда сүйлөшүү болбой турганын, каршылык жүрүштөрү мыйзамсыз экенин жана президенттик шайлоо таза өткөнүн айтты.

Минск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул маалда Александр Лукашенко кайда болгону белгисиз. Анын басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт маалымат каржаттарынын ушундай суроосуна жооп иретинде Эгемендик сарайынын фонунда колуна автомат кармап турган президенттин сүрөтүн жөнөткөн.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Жекшембидеги акциялар Беларустун башка шаарларында дагы өттү.