Путин Беларуска аскер жиберүүгө даяр, НАТО кийлигишпөөгө чакырды

омон

Сүрөттүн булагы, Stanislav Krasilnikov/TASS

Орусиянын президенти Владимир Путин зарылчылык жарала турган болсо, башаламандыкты басуу үчүн Беларуска укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтө алабыз деп билдирди.

Путиндин айтымында, ага мындай өтүнүч менен Беларусь президенти Александр Лукашенко кайрылган.

"Александр Григорьевич менден укук коргоо кызматкерлеринин белгилүү бир резервин түзүп коюушумду өтүндү. Мен аны аткардым",-деди Путин.

"Бирок бул күчтөр кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче колдонулбай турганын сүйлөштүк",-деп кошумчалады Орусия президенти.

Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңеши буга кескин каршы пикирин билдирди. Беларусь аймагында колдонуу максатында Орусиянын же башка өлкөнүн аймагында куралдуу топторду түзүү жол берилгис жана эл аралык укукка каршы келет деп айтылган билдирүүдө.

Бейшембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусияны Беларуста болуп жаткан окуяларга кийлигишпөөгө чакырды.

Өткөн аптада болсо Лукашенко НАТО чек арадан "козголгону үчүн" Беларустун аскер күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин билдирген. "НАТО күчтөрү чек араны көздөй жылып жатат жана F-16 учактары 15-20 минутанын ичинде жетип келүүгө даяр турат" деген ал.

НАТОнун расмий өкүлү уюм Лукашенконун билдирүүсүн негизсиз деп эсептерин билдирди.

путин менен лукашенко

Сүрөттүн булагы, EPA

Путиндин билдирүүсү эмнеге негизделген?

Бул эки өлкө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө. Уюмдун негизги максаты - келишимге кирген мамлекеттердин аймактык жана экономикалык мейкиндигин коргоо болуп саналат. Бул үчүн биргелешкен армия же башка аскер бөлүктөрү тартылышы мүмкүн.

Азыркы маалда ЖККУ курамында алты мамлекет бар - Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Келишимге ылайык уюмга мүчө өлкөлөрдүн кайсыл биринин коопсузудугуна, стабилдүүлүгүнө же суверенитетине сырттан коркунуч жаралса, анда башкалары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал өлкөгө "жаралган коркунучту жоюуга" жардам көрсөтөт. Андан сырткары, мүчө өлкөлөрдүн кайсыл бири куралдуу кол салууга кабылса, башка мамлекеттер аны агрессия катары тааныйт жана аскердик жардам көрсөтө алат. Ошондой эле Орусия менен Беларусь ортосунда дагы келишимдерге негиздеп жатышы мүмкүн дейт айрым эскперттер.