Лукашенко Москваны айыптап, ыңкылапка жол бербей турганын эскертти

лукашенко

Сүрөттүн булагы, Reuters

Президенттик шайлоого беш күн калганда Беларусь лидери Александр Лукашенко парламентке жана элге кайрылуу жолдоду.

Бир нече күн мурун Минскте кармалган орусиялык "ЧВК Вагнердин" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери Орусия тарабынан кырдаалды дестабилизация кылуу үчүн атайын жөнөтүлгөн, деди Лукашенко. Айрым күчтөр "түстүү ыңкылап" кылуу үчүн аракет кылууда деп айыптап, алардын колунан эч нерсе келбей турганын айтты.

Сөзүнүн көп бөлүгүн жаштарга багыттап, чагымга алдырбай, кырдаалды туура баалоого чакырды. Беларустун "ыңкылап жана бүлүндүрүү лимити XX кылымыда эле түгөнгөн" дейт Лукашенко.

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтөт. Добуш берүү жыйынтыктары күтүүсүз болуп калышы мүмкүн дейт эксперттер. Александр Лукашенконун 26 жылдык башкаруусунан кийин көп кишилер ысымы анчалык белгилүү болбогон талапкерге деле добуш берүүгө даяр деген пикирлер айтылууда.

"Мен чыдамдуу кишимин, ар тараптуу көз караштарды жактырам. Бул бийликке оппозициядан келгемин. Мени атышкан, ур-токмокко алышкан, мени сындырышкан, бирок мен ыйлаган эмесмин. Кайсыл жакка баратканымды билгемин. Биз силердин кандай гана чечимиңер болсо дагы кабыл алабыз. Болгону эч качан сатпагыла. Саткындык аркы дүйнөдө дагы кечирилбейт. Даяр эмес болсоңор, четке чыккыла. Бутка илешпей, өлкөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк бергиле.",-деп Лукашенко өзүн сындагандарга жооп кылды.

Лукашенко Орусияны куралдуу кишилердин тобун жөнөттү деп айыптап, анын жообу катаал болоорун эскертти. 28-июль күнү түн жарымда Минск шаарынын чет жакасындагы санаториядан 32 киши кармалган. Дагы бир орусиялык жаранды өлкөнүн түштүгүндө камакка алышты. Беларусь маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип, кармалгандар "ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери экенин жазып чыгышкан эле. Көп өтпөй коопсуздук кызматынын жетекчилери "шайлоо өнөктүгү маалында өлкөдөгү кырдаалды дестабилизация кылуу үчүн" 200 чамалуу согушкер келгенин айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кармалган орус жарандары Минск аркылуу транзит менен Стамбулга учуп бара жатканын, эч кандай мыйзам бузууга барышпаганын билдирди.

9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өтөт

Сурак учурунда алар Орусия тарабынан атайын жиберилгенин айтышкан деп ишендирүүдө беларусь лидери. "Түстүү ыңлап кылуу аракеттеринен майнап чыкпайт", "өлкөбүздү эч кимге бербейбиз" деди кайрылуусунда. Беларуста шайлоо алдында көп киши чогулган митингдер өтүүдө. Айрым орусиялык эксперттер Лукашенко "Орусияны бетке кармоо менен шайлоону жылдырып коюшу да мүмкүн" экенин айтып жатышат. Бирок шайлоонун мөөнөтү жылдыруу тууралуу сөз болгон жок.

Президент кайрылуу жасаган Эгемендүүлүк аксарайына 2 500 киши чакырылган. Эки палатанын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана дипломаттар келди. Кайрылууну Беларусь каналы түз көрсөттү. Лукашенко бул жолу бир жарым саат сүйлөдү. Өткөн жылдары мындай кайрылуулар төрт саатка чейин созулчу. Анын үнү өзгөрүп, улам терин аарчып жатканын да байкагандар болду. Ал бир апта мурун эч кандай белгиси байкалбай эле коронавирус болгонун айткан эле. (AbA)