Беларуста он миңдеген кишилер митингге чогулду

Митинг Минск

Сүрөттүн булагы, AFP

Оппозициялык талапкер Светлана Тихановскаяны колдоо үчүн Беларусь башкалаасы Минскте он миңдеген киши чогулду. Бул акыркы жылдардагы бийликтин уруксаты менен өткөн оппозициялык эң ири акция болуп калды.

Айрымдар митингге 35 миңдей кишинин катышканын айтууда. Кечки саат тогуздарга барып митинг жыйынтыкталды.

Тихановская тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, күч түзүмдөрүнүн буга чейинки оппозициялык митингдерди күч менен тараткан катаалдыгын сынга алды.

Светлана Тихановская
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Тихановская

"Жакшы жашоону каалаган кишилер кылмышкер эмес. Бул биздин эл. Бийликтин тынч жол менен алмашуусун каалаган эл. Суранам, өзүңөрдүн абийириңерге каршы иш кылбагыла, өзүңөрдүн элиңерге каршы турбагыла!",-деди ал.

митинг

Сүрөттүн булагы, Tut.by

Тихановская Минскте кармалган орусиялыктар тууралуу дагы пикирин билдирди. Беларустун тергөөчүлөрү орусиялыктардын кармалышын Светлана Тихановскаянын күйөөсүнүн иши менен байланыштырууда. Беларустун Тергөө комитети кармалган орусиялыктарды өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деп шектенип жатканын билдирген. Сергей Тихановду дагы массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген деген айып менен камакка алышкан.

Митинг

Орусиянын Беларустагы элчиси Дмитрий Мезенцев кармалгандар жеке күзөт компаниясынын кызматкерлери болгонун айтты. Алар Стамбулдагы энергетикалык мекеменин коопсуздугун камсыздоо үчүн коммерциялык келишим түзүшкөн. Ал эми келишим түзгөн ишкана Минскте жайгашкан экен деди орус элчиси.

Бейшембиде Светлана Тихановская мамлекет көзөмөлдөгөн каналдагы теледебатка катышуудан баш тартты. Ал коомдук сайттар аркылуу видео кайрылуусун таратып, "түз эфирде Александ Лукашенко менен бетме-бет Бангалор аянтында эл алдына чыгарын" билдирген. Бул аянт митинг өткөн жер.

митинг

"Бизге сунуштап жаткан дебаттарыңар шайлооңор сыяктуу эле жасалма",-деди Тихановская.

Тихановскаянын күйөөсү оппозициялык ишмер Сергей Тиханов алдыдагы шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп чыгууга белсенип жаткан эле. Бирок ал камакка алынды. Анын ордуна жубайы Светлана Тихановская катышууну чечкен. Лукашенко болсо оппозицияны сынга алып, өлкөнү "аялдар башкара албайт" деп билдиргени бар.(AbA)