Беларустагы шайлоо: оппозиция миңдеген кишилерди аянтка чогултту

Пикет Тихановской в Минске

Сүрөттүн булагы, Tut.by

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коомдук тармактарга жарыяланган сүрөттөргө ылайык, баш калаанын негизги аянтына миңдегендер топтолду

Минск шаарында президенттикке ат салышкан оппозициячыл саясатчы Светлана Тихановскаянын биринчи масштабдуу нааразылык акциясы өттү. Анын үгүт иштерине бир нече миң киши чогулду. Буга чейин өлкөдө мындай сандагы тургундар нааразылык акцияга чыккан эмес.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Тихановскаяга президенттик шайлоого талапкер деген күбөлүгүн берген. Демек, ал үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу. Тихановская нааразылык акциясын шайлоого үгүт иштери катары уюштурган. Ошондуктан коопсуздук кызматкерлери демонстрацияга кийлигишкен жок.

Беларустагы президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Бул добуш берүүгө 1994-жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко дагы катышат. Ал эми Лукашенконун негизги атаандашы саналган эки оппозициячыл саясатчыны Борбордук шайлоо комиссиясы каттабай койду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Тихановская уюштурган акцияда саясатчы жергиликтүү тургундар добушун коргоого даяр болушу керек экенин белгиледи.

"Бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалайт. Бирок бул жолу добушубузду көзөмөлдөсөк болот. Жарандар жаткан ордунан туруп, добушун коргошу керек",-деп айтты Тихановская.

Пикет Тихановской в Минске

Нааразылык акция учурунда түз байланышка чыгууга аракет кылган маалымат каражаттары, мобилдик интернетке бөгөт коюлганын, байланыш абдан начар болгонун айтышты.

Лукашенконун негизги атаандашы

Тихановскаянын күйөөсү Сергей Тихановский өлкөдөгү белгилүү блогерлердин бири. Ал майдын аягынан тарта коомдук жайларда тартипти бузган деп айыпталып, камакта отурат. Тихановский өзү шайлоого катышам деген оюн айтып.

Светлана Тихановская во время митинга в воскресенье
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тихановская жарандарды добушун коргоого чакырды

Эксперттер Тихановская президент Лукашенконун негизги атаандашы дешүүдө. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы президентке күчтүү оппозиция боло алчу Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалону талапкер катары каттабай койду. Бабарико учурда камакта отурат, ал мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деп айыпталууда.

"Бийлик алгач Сергей Тихановскийди, андан кийиин Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонуну президенттикке талапкер катары каттабай койду. Эмеге? Себеби алар коркуп жатышат. Бул үч саясатчы бийликке коркунуч жаратарын түшүнүштү. Коркунуч талапкер тараптан эмес, эл тараптан келип жатканын аңдашкан жок. Калк кемсинтүү жана коркуу сезиминен тажады",-деди Тихоновская.

"Ак түс эркиндиктин белгиси"

Өткөн аптада Цепкало менен Бабариконун тарапкерлери үгүт иштери учурунда Тихановскаяны колдой турганын маалымдаган. Жекшемби күнү өткөн акцияда Тихановскаядан тышкары Бабарико штабынын башчысы Мария Колесникова менен Цепкалонун жубайы Вероника дагы сүйлөдү. Алар өлкөдөгү күрөштүн символуна айланды.

Символом протеста на этих выборах стали три женщины - Светлана Тихановская (в центре), Вероника Цепкало (слева) и Мария Колесникова (справа)

Сүрөттүн булагы, svaboda.org (RFE/RL)

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Тихановская (ортодо), Вероника Цепкало (солдо) жана Мария Колесникова

Вероника Цепкало оппозицияга добуш берем деген шайлоочуларды колго ак билерик тагынып келүүнү суранды.

"Ак түс эркиндиктин белгиси. Бул бизде жаңы түшүнүк. Мындай билерикти тагынгандар аракеттеги президентке, бийликке каршы экенин билдирет",-деп айтты Цепкало.

26 жылдан бери бийликте отурган Александр Лукашенко калктын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ. Бирок бул боюнча өлкөдө эч кандай социологиялык изилдөө жүргөн эмес.

Тихановскаянын талапкерлиги жөнүндө Лукашенко президент болуу аялдарга татаал болорун айтты.

"Конституциябыздан улам эркектер бул жүктү көтөрө албай кыйналат. Ал эми ушул ишти аялга берсе, байкуш кыйрап калат",-деди Лукашенко.

Дал ушул сөзүнөн кийин Лукашенко бардык аялдарды сыйлаганын айтты. Жекшемби күнү Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт, президент ооруканада дарыланып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Би-Би-Синин Минсктеги кабарчысы жекшемби күнү өткөн акцияда форма кийген полиция кызматкерлерин байкабаганын айтты. Ал эми демонстрациянын уюштуруучулары катышуучуларды эки сааттын ичинде аянттан кетип калууга үндөштү. Себеби, өлкө бийлиги үгүт иштерине эки саат гана уруксат берет. (AT)