"Бул союздун эмне кереги бар?": Лукашенко Орусия менен интеграция тууралуу

Президент Лукашенко

Сүрөттүн булагы, EPA

Беларус президенти жыл сайын Орусия менен соода дефицити 9 млрд долларга чейин жетерин билдирди. Беларустун товарлары орус базарына жетпей калып, дефицитти кыскартуу мүмкүн болбой келүүдө деди Александр Лукашенко.

"Кандайдыр бир биримдикке кирип жатып, ай сайын, жыл өткөн сайын жакшырып барарын эске аласың. Ал эми бизде эмне болуп жатат? Бизге жыл сайын жаңы шарттарды коюп жатышат. Жыйынтыгында биз экономикадан жоготуп жатабыз",-деди Лукашенко.

Беларус менен Орусия ортосунда жумушчу тобу түзүлүп, интеграцияны тереңдетүү боюнча жол картасын даярдап жатат. Тараптар бул документке 8-декабрда кол коюшу мүмкүн деп күтүлүүдө. Бирок Лукашенко өлкөнүн конституциясына каршы келе турган болсо, бир дагы документке кол койбой турганын эскертти.

Муну айрым саясат талдоочулар Лукашенконун президенттик шайлоо алдындагы "балп" этмеси катары дагы баалады. Беларус кийинки жылы президенттик шайлоо өткөрүшү мүмкүн. Эгерде "эл суранса", Лукашенко жетинчи мөөнөткө барууга даяр экенин айтты.

Айрым талдоочулар Орусия менен биримдик тууралуу Лукашенконун айткандарын "эл алдында өзүн мекенчил көрсөтүү" деп баалаганы менен айрым маселеде аныкы туура дегендер бар. Айталы, Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия кирген Евразиялык Экономикалык Биримдик ичинде дагы ушундай маселе бар.

Буга чейин Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдиктин нормаларын аткарбай жатканын айтып, Казакстан өзүнүн чек арасында товарларды өткөрбөй маселе жараткан учурлары көп болду. Казак тарап кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өтүүчү товарлары туура эмес декларацияланганын айыптаган. Өз кезегинде Кыргызстан дагы Казакстандын өзүн ЕАЭБдин жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатат деп доомат койгон.

Акыркы аптада эле Орусия Кыргызстандан жана Казакстандан келген 138 тоннадай жашылча-жемишти киргизбей койгону белгилүү болду. Орус тарап тиешелүү документтердин жана сапат сертификаттары жоктугун жүйө кылган. (AbA)