Лукашенко постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлерин Жеңиш парадына чакырды

Сүрөттүн булагы, Natalia Fedosenko/TASS
Беларус - Жеңиштин 75 жылдыгына карата миңдеген киши катышкан иш-чараларды өткөрүп жаткан постсоветтик мейкиндиктеги жападан жалгыз өлкө.
Эки аптадан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар аныкталууда. Ошондуктан калктын саламаттыгын коркунучка кептеп жатат деп, Беларустун сыртында да, ичинде да бийликти айыптагандар болууда.
Орус президенти Путин Москвадагы Жеңиш парадын жылдырып жаткан чакта Беларус президенти Александр Лукашенко постсоветтик өлкө лидерлерин Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлө турган парадга чакырды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Беларус бийлигинин 9-майга пландалган иш-чараларына кабатырлануусун билдирди.
"Биз парадды жылдырбай турганыбызды айтып коюшум керек. Жылдыра албайбыз. Мен бул тууралуу көп ойлондум. Албетте, бул эмоционалдуу, идеологиялык терең нерсе. Ал кишилер (согуштун катышуучулары) балким вирустан же башка оорудан деле көз жумгандыр. Бирок алар бул тууралуу ойлоп да койгон эмес. Канчалык пафостуу угулбасын, алар биз үчүн өлүшкөн",- деди президент Лукашенко.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Коргоо министрлиги парадга катыша тургандардын саламаттыгы жакшы экенин айтты. Ошол эле маалда аскер кызматкерлери арасында Covid-19 жуктуруп алгандар тууралуу кеп болгон. Министрлик бул тууралуу так маалымат берген жок. Интернетте аскер парадын жылдыруу тууралуу петицияга кол жыйнап жатышат.
"Эпидемиологиялык кырдаал парад өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет",- деди кол жыйнап жаткандарга жооп иретинде коргоо министри Виктор Хренин.
Параддан сырткары Минск шаарындагы аянтта майрамдык концерт өтөт. Баш калаанын сегиз жеринен фейерверк атылып, бир нече киши катышаары күтүлүүдө.
Көп өлкөлөр вирустан улам чектөө киригизип жатканда Беларус лидери Александр Лукашенко эч кандай чектөөлөрдү киргизген эмес. "Тизелеп жашагандан көрө тик туруп өлгөн артык" деп, өз эли үчүн антивирус коктейлин сунуштаган: арак, мончо, спорт жана талаа жумуштары. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 7-майга карата коронавирус аныкталгандар саны 20 168 кишиге жетип, 116 киши каза тапты. (AbA)








