"Орусиялык жалданма аскерлер": Беларусь атайын кызматы 32 кишини кармады

Сүрөттүн булагы, Nikolai Petrov/TASS
Беларустун укук коргоо органдары камакка алынган орусиялыктарга карата "теракт даярдаган" деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Андрей Равков билдирди.
Өлкө аймагында 200 чет жерлик согушкер жүргөн болушу мүмкүн, алардын отуз үчү кармалды деген ал. Кармалгандар көрсөтмө бере баштаганы айтылууда.
Шаршембиде түндөсү Минск шаарында Беларустун атайын кызматы 32 орусиялык жаранды кармаганын ырастады.
Алар "ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери деди Мамлекеттик коопсуздук комитети. Кармалагандардын ичинен жарымы мурда Украина чыгышында согушкан болушу мүмкүн деп ырастайт атайын кызмат.
Мындай божомолдорду орусиялык булактар дагы жазууда. Айрым ММКлар жана блогерлер кармалгандардын аты-жөнүнө карап, Донбасстагы согушка жана "Вагнердин жеке аскердик компаниясына" байланыштырууда. Алардын айрымдарынын украин жарандыгы да болушу мүмкүн деген жоромол бар.
Андан кийинки божомолдор эки ача пикирлер менен коштолду. Беларустун күч түзүмдөрү орусиялыктар "шайлоо алдында кырдаалды курчутууга аракет кылган" деп айтты. Өлкө 9-августта президенттик шайлоо өткөрөт.
Бирок Орусиянын өкмөткө ыктаган Телеграм-каналдары аскердик компания жалданма аскерлерди Жакынкы Чыгышка жөнөтүү үчүн Минскти колдонгон жана бул өлкө бийлиги менен макулдашылган деп жазууда. Беларустун Коопсуздук кеңешинин катчысы "ФСБ же ГРУ тарабынан эч кандай эскертүү болбогонун" билдирди.
Шаршембиде Минск шаарында дагы бир орусиялык жаран саясий технолог Виталий Шкляров кармалган. Ал мурда Орусиядагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө Ксения Собчак менен иштегени айтылды.














