БУУ: Ливияда жүздөгөн орусиялык жалданма аскер Хафтарды колдоп согушууда

Танк

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын мамлекеттик департаменти "ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери Ливияда генерал Халифа Хафтардын тарабында Триполинин өкмөтүнө каршы согушуп жатканын ырастады.

Мындан алдын БУУнун мониторинг миссиясынын Ливия боюнча доклады жарыяланган эле. Баяндамада Ливиянын аймагында кеминде 1200 орусиялык жалданма аскер жүргөнү айтылган.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Кристофер Робинсондун айтымында, жалданма аскерлердин саны өзгөрүп турат. Вашингтон бул аскер бөлүгүн "жеке аскердик компанияга таандык" деп эсептебейт, деди дипломат.

"Алар заманбап оор курал-жарак жана техника менен камсыздалган. Мындай жеке компанияларда жок. Демек мунун баары "Вагнерди" орус өкмөтү башкарат дегенди көрсөтөт",- деди Кристофер Робинсон.

БУУнун доклады тууралуу ЖМКлар жазып чыккан. Ал 57 барактан туруп, бир катар эл аралык басылмалардын колуна тийген.

"ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери Ливияда 2018-жылдан бери жүрөт. Алар "операцияларга тартылып, техникаларды оңдогонго колдоо көрсөтүп", кеңешчи, көзгө атар, мээлөөчү артиллерист болуп кызмат кылышат, деп айтылат докладда.

"ЧВК Вагнер" курамында орусиялыктардан башка Беларусь, Молдова, Сербия жана Украинанын жарандары бар экени айтылды. БУУнун байкоочулары жалданма аскерлер генерал Халифа Хафтардын тарабында согушуп жүргөнүн жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Ливияда согушуп жаткан орусиялыктар болгон күндө дагы мамлекеттин кызыкчылыгын коргобой турганын айткан.

БУУнун докладында Ливиянын аймагында согушкан 122 жалданма аскер тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле Хафтар менен "ЧВК Вагнер" ортосундагы ушул жылдын 15-октябрында бүтө турган келишим тууралуу ачык маалыматтар иликтенип жатканы кабарланды. Маалыматтарга караганда, Хафтар жеке аскердик компанияга 173 млн доллар карыз.

Колонна Ливийской национальной армии

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливиянын улуттук армиясы

Ливиядагы жаңжал

Ливиядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери токтобой жатат. Муаммар Каддафи бийликтен сүрүлгөндөн кийин Ливия чачыранды болуп кетти. Өлкөдө бир нече аскерлешкен топтор аракеттенүүдө.

Генерал Халифа Хафтар өзүн Ливиянын улуттук армиясынын кол башчысы атап, өлкө чыгышындагы чоң аймакты көзөмөлүнө алган.

Өткөн жылдын апрель айында Хафтардын күчтөрү Триполиге чабуул койгон. Бирок баш калааны басып алууга күчү жеткен эмес. Алар өлкөдөгү үчүнчү ири шаар жана маанилүү порт калаасы саналган Сиртти басып алышкан эле.

Ошондон кийин каршылашкан тараптар убактылуу жарашуу тууралуу келишимге келген. Бирок келишимди бузду деп, бири-бирин күнөөлөп келе жатышат. Көпчүлүк эксперттер Ливиядагы жаңжал сырткы күчтөрдүн тирешине айланып кеткенин белгилеп жүрөт.

Халифа Хафтар деген ким?

Халифа Хафтар Ливиянын аскердик жана саясый турмушуна 40 жылдан бери активдүү катышып келүүдө. 1969-жылы Муаммар Каддафи уюштурган аскердик төңкөрүштүн катышуучусу болгон.

Халифа Хафтар

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Халифа Хафтар

1980-жылдары Хафтар Чад-Ливия жаңжалына катышкан. 1987-жылы Хафтар кол башчылык кылган Ливиянын армиясы жеңилүүгө учурап, генерал туткунга түшкөн.

Каддафи аны операцияны үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптап, камакка алган. Түрмөдөн чыккандан кийин Хафтар АКШга кетип калып, 20 жылдык өмүрүн Каддафи менен күрөшкө арнады.

2011-жылы өлкөдө көтөрүлүш башталганда Хафтар кайтып келип, өлкө чыгышындагы көтөрүлүшчүлөрдү башкарган. (AbA)