Орусиянын жалданма аскерлери Африкада эмне кылып жүрөт?

Army officers at Moscow defence show

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Kumar Malhotra
    • Role, BBC Reality Check
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Орусия Судан жана Борбордук Африка Республикасындагы аракеттерин күчөтүп жатканы талкууга жем таштады.

Орусиянын жалданма аскерлери Африканын эки өлкөсүндө байкалган. Буга нааразы болгондор арбын. Себеби Судан сыяктуу мамлекеттерде өкмөткө каршы нааразылык акциялар байма-бай өтүп турат. Орус аскерлери демонстранттарга каршы колдонулушу мүмкүн.

Москва Африка менен байланышын күчөтүп жатканы калетсиз. Кремль континенттеги соода алакаларын, өзгөчө курал-жарак соодасын күчөтүүдө.

Орусиянын Африкадагы аракеттери тууралуу эмне белгилүү?

Орусиянын жалданма аскерлери

Судантыктар бир нече аптадан бери көчөгө чыгып, өкмөткө каршы демонстарцияларды өткөрүүдө. Алар өлкөдөгү экономикалык абалга нааразы.

Абал чыңалып турганда, Судандын бийлиги жардамга орус аскерлерин чакырганы айтылган. Орусиянын жалданма жоокерлери Судандын коопсуздук кызматкерлерине кеңеш берип, аскердик операцияларына көмөк көрсөтүүдө.

Russian soldiers on parade in Moscow

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таасирин кеңейтүүнүн бир жолу - курал-жарак экспорту

Би-Би-Си орус кызматы өткөн жылы атайын иликтөө жүргүзүп, Орусиянын аскерлери чынында эле Суданга барганын аныкташкан.

Суданга коңшу жайгашкан Борбордук Африка Республикасында Москва БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен атаандашып иш жүргүзүүдө.

Орусиянын расмийлери Африкада көп сандагы жалданма жоокерлери жайгашты деген дооматтарды четке кагып келет. Бирок талдоочулардын айтымында, Орусия таасирин кеңейтүүнү көздөгөн өлкөлөрдө жалданма орус аскердик күчтөрү маанилүү роль ойноп келгенин баса белгилешип жатышат. Африкада деле жагдай ошондой.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Орусиянын президенти Путин декабрь айында жалданма аскерлер тууралуу суроого жооп берип жатып, жеке менчик аскерий компаниялар бизнесин планетанын булуң-бурчунда жүргүзүүгө укуктуу экенин айткан.

Орусия Африкага кайтып келди

Soviet military parade

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Советтер Союзу Африкада экономикалык жана саясий ири оюнчу болгон

Советтер Союзу Африкада экономикалык жана саясий ири оюнчу болгон. Бүгүнкү күнү Орусия таасирин күчөтүп, мурдагыдай оюнчуга айланууну көздөйт, дейт экономика боюнча серепчи Инна Андронова.

Таасирин кеңейтүүнүн бир жолу - курал-жарак экспорту.

Орусия буга чейин Азия жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге курал-жарак сатып келген. Бирок Москва Африкага көңүлүн буруп, учурда континенттеги курал-жарак соодасы тез өсүп жатат.

Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты иликтеген институттун маалыматына ылайык, орус куралдарын Африкада эң көп Алжир сатып алат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Египет болсо АКШдан аскердик жардам алып келген. Бирок соңку жылдары бул мамлекет дагы Орусия менен соода алакаларын күчөтүүдө. Орусиядан курал сатып алган африкалык өлкөлөрдүн арасында Гана, Мали, Ангола, Камерун жана башкалар бар.

Бул мамлекеттер негизинен тик учак, аскердик учак, ракета системаларды жана колдонуудан чыккан орус армиясынын техникаларын сатып алышат.

Орусия чыгарган курал-жарактар Батыш өлкөлөрү өндүргөн куралдарга салыштырмалуу арзан жана бекем болот. Дал ушул себептен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Орусия өндүргөн курал-жаракты алышууда.

Diamond mine

Сүрөттүн булагы, Petra Diamonds

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус компанияларынын Африканын кен байлыктарына кызыгууда

Андан тышкары Орусия Африканын кен байлыктарына да кызыгат. Мисалы, Орусиянын алюминий өндүргөн "РусАл" компаниясынын Гвинеяда төрт кени бар. "Роснефть" мамлекеттик ишкана Африканын чыгышындагы газ кендерине кызык келгени маалым.

Орусия бир нече африкалык өлкө менен экономикалык байланыштарды күчөтүү боюнча келишимге жетишти. Бирок Орусиянын Африка мамлекеттери менен соода көлөмү Азия, Европа же АКШнын деңгээлине жете элек.

Ал эми Кытай, Индия жана Индонезия сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Орусия менен Африкада атаандашууда. (AT)

Presentational grey line
Reality Check branding