Орусия-Африка саммити: Москва континенттеги таасирин кеңейте алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын Сочи шаарында Орусия-Африка саммити башталды. Жыйында негизинен соода алакалары тууралуу сөз болмокчу.
СССР "кансыз согуш" доорунда Африка континентинде таасирдүү мамлекеттердин бири эле. Советтер Союзу ыдырап кеткенден кийин экономикалык жана саясий кыйынчылыктардан улам, Орусия Африкадагы таасирин сактап кала алган эмес.
Эми президент Путин Африка мамлекеттери менен мамилени бекемдөө Орусия тышкы саясатынын негизги приоритеттери экенин айтууда. Башкача айтканда Орусия таасирин күчөтүп, мурдагыдай оюнчуга айланууну көздөйт.
Би-Би-Синин Reality Check командасы Орусиянын Африкадагы ролу жана таасирин иликтеп көрдү.
Биз өз пикирибизди таңуулабайбыз. “Африкалыктар өз көйгөйлөрүн өздөрү чечет” деген принципти карманабыз. Аны африкалыктар өздөрү иштеп чыккан.
Орусиянын кандай максаты бар?
Москва СССРдин Африкадагы жетишкендиктерин улантууну көздөп турганы талашсыз.
Саммиттин алдында ТАСС агенттигине берген маегинде президент Путин Орусия менен Африка мамлекеттеринин карым-катнашы өсүп жатканын белгилеп, Москва бир нече багыт боюнча иш алып барат деп билдирген:
- Саясий жана дипломатиялык колдоо
- Коргонуу жана коопсуздук боюнча жардам
- Экономикалык жардам
- Саламаттык сактоо боюнча кеңеш
- Гуманитардык жардам
- Билим берүү багыты боюнча кызматташуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусия буга чейин эле Африкадагы байланыштарын жандантып, 2015-жылдан бери Африка мамлекеттеринин 12 лидери Кремлге келип кетти. Алардын алтоо 2018-жылы иш сапары менен келген.
Орусиянын амбициясына Батыш мамлекеттери кооптонуп турат. Анткени Орусия айрым багыттар боюнча Африкада алдыга оозуп кетти.
Өткөн жылы АКШ лидеринин Коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон Африка боюнча Кошмо Штаттарынын жаңы стратегиясын жарыялаган. Анда Орусия менен Кытайдын Африкадагы таасирин тең салмакта кармоо боюнча сөз болгон.
Жакында эле американын абройлуу Washington Post гезити Кошмо Штаттарынын Африкадагы таасири басаңдап жатканда, Орусия "агрессивдүү түрдө жаңы келишим менен коопсуздук алакаларын бекемдеп" жатканы боюнча макала жарыялады.
Орусиянын Африкадагы аскер байланыштары
Москва Африка континентине курал-жарак саткан негизги мамлекеттердин бири. Бирок Орусиянын курал-жарак соодасында Азия дагы деле эң чоң базар бойдон калууда.
2014-2018-жылдары Орусия курал-жарак экспортунун 17 пайызын Африка континентине (Египетти кошпогондо) жолдогон. Бул тууралуу Швециянын Эл аралык тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) билдирди.
Орусиянын курал-жарак экспортунун басымдуу бөлүгү Алжирга жөнөтүлгөн. Башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн курал-жарактар 3 пайызды түзбөйт.
Ага карабстан 2014-жылдан тарта Африкадагы 19 мамлекет менен аскердик кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
2017-2018-жылдары Кремль Ангола, Нигерия, Судан, Мали, Буркина-Фасо жана Экваториалдык Гвинея менен курал-жарак сатуу келишимине кол коюуга жетишти.
Анын ичинде аскердик учактар, транспорттук жана аскерди тик учактар, танкаларга каршы ракеталар жана аскердик учактарга кыймылдаткычтар бар.
Орусиянын Африкадагы жалданма аскерлери
Орусиянын Африкадагы аскердик кызматташуусу курал-жарак экспорту менен чектелбейт. Орусиянын жалданма аскерлери Африкада көп жылдан бери иштеп келүүдө.
Мисалы, Орусиянын жалданма аскерлери Африканын үч өлкөсүндө байкалган. Ал аз келгенсип, Борбордук Африка Республикасында Москва БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен атаандашып иш жүргүзүүдө. Орус жалданма аскерлери БУУ колдогон өкмөткө колдоо көрсөтүп, куралчан козголоңчуларга каршы күрөшүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орус жалданма аскерлери Судан менен Ливияда дагы иш жүргүзүүдө. Африкада жеке Wagner аттуу аскердик компания иш алып барууда. Бул компания Кремль менен тыгыз байланышта.
АКШда жайгашкан Орусия жана Евразиядагы эл аралык тынчтык боюнча Карнеги борборунун эксперти Пол Стронскийдин айтымында, Африкадагы Wagner сыяктуу жеке компаниялар Москванын буйруктарын аткарат.
Жалданма аскер компаниялары региондогу ресурстарды коргоп жатканы үчүн өзүн-өзү каржылай алат. Бирок ошол эле учурда бул компаниялар Орусиянын "саясий жана аскердик таасирин кеңейтүүгө кызыкдар" дейт Стронский.
Орусиянын президенти Путин өткөн жылы жалданма аскерлер тууралуу суроого жооп берип жатып, жеке менчик аскердик компаниялар бизнесин планетанын булуң-бурчунда жүргүзүүгө укуктуу экенин айткан.
Кен байлыктары
Орусиянын Африкада кен байлыктарга байланыштуу кызыкчылыктары дагы бар. Бул континентте марганец, боксит жана хром сыяктуу минералдар бар. Алар индустрия үчүн абдан маанилүү.
Ошондой эле Орусия энергетика тармагында дагы иш алып барууда.

Сүрөттүн булагы, Petra Diamonds
Мисалы, Орусиянын алюминий өндүргөн "РусАл" компаниясынын Гвинеяда төрт кени бар. "Роснефть" мамлекеттик ишкана Африканын чыгышындагы газ кендерине кызыгып келгени маалым.
"Лукойл" компаниясы болсо Камерун, Гана жана Нигерияда долбоорлору бар. Ошондой эле Москва өзөктүк энергия боюнча технологиясын Африка мамлекеттерине сунуштоодо. Эмдиги жылы Орусия Египетте 25 миллиард долларга бааланган өлкөдөгү биринчи өзөктүк энергия станциясын курат.
Бирок экономикалык кызматташууга келгенде, Орусия Европа менен Азия өлкөлөрүнө жете элек. 2017-жылы Африка мамлекеттери негизинен Индия, Кытай, Европа жана АКШ менен соода жүргүзгөн. Ошондой эле АКШ, Кытай, Жапония жана Европа Биримдиги Орусияга салыштырганда жардам катары көп каражат которгон.
Демек, Орусия Арифка континентиндеги таасирин кеңейтүү саясатын баштаганы менен, глобалдык атаандаштарын кууп жетүүгө бир топ убакыт керек болот.
Би-Би-Синин Reality Check командасы окуянын артындагы фактыларга таянып, анын чын же калпын аныктайт.












