"Бир алкак - бир жол": Кытайдын геостратегиялык долбоору дүйнө лидерлеринин дүрбүсүндө

Бээжиндеги "Бир алкак - бир жол" экинчи форумуна президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжиндеги "Бир алкак - бир жол" экинчи форумуна президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда

Дүйнө лидерлери Бээжиндеги "Бир алкак - бир жол" экинчи форумуна чогулду. Үч күнгө созулган форумга дүйнөнүн 37 өлкөсүнүн лидерлери, анын ичинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Кытайдын Улуу жибек жолун кайра жаңыртууну көздөгөн ири долбоору 60 мамлекет менен алака-катышты өнүктүрүүнү көздөйт. Бул соңку жылдардагы эң амбициялуу инвестициялык программанын бири болуп калды.

Анда Кытайдын алюминий, болот өнөр жайына, курулуш жана башка тармактарына жаңы рынокторду өздөштүрүү максаты жатат. Ал үчүн Европа менен соода жүргүзүүнүн жаңы маршруттары каралууда.

Бээжин "Улуу жибек жолунун экономикалык куру" долбоору менен транспорттук байланыштарды, эркин сооданы, финансылык интеграцияны, маданий-билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүнү максат кылууда.

Карта

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай инвестиция катары өнөктөш мамлекеттерине миллиарддаган доллар которуп, инфраструктуралык курулуштарды ишке ашырууда. Кытай которгон каражат менен темир жолдор, порттор жана жолдор курулууда.

Сынчылар болсо Бээжин долбоорго жамынып, геосаясий жана стратегиялык таасирин кеңейтип жатканын белгилеп жатышат. Бээжиндин экономикалык долбоорунун стратегиялык жана идеологиялык максаты бар экени талашсыз. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Бээжин эл аралык таасирин мындан дагы күчөтөт.

Батыш өлкөлөрүндө карызга баткан Борбор Азия, Түштүк Азия жана Африка мамлекеттери аргасыз Кытайдын сөзүн угуп калды деген пикир бар.

Aerial view of flower beds reading 'Chinese Dream' at Zhouji Green Expo Garden to welcome the 2nd Belt and Road Forum for International Cooperation on April 24, 2019 in Nantong, Jiangsu Province of China.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул долбоорго өзгөчө АКШ каршы болууда. Бир жылдан бери АКШ-Кытай соода согушу ырбап кетип, Вашингтон Бээжиндин өсүп жаткан таасирине кооптонуп турат дейт талдоочулар.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс өткөн жылы Бээжиндин экономикалык агрессиясын жана "карыз дипломатиясын" айыптаган.

Кытай дүйнө лидерлеринин тынчсыздануусун эске алат

Кытай расмийлери дүйнө коомчулугунун сындарын эске алууга аракеттенүүдө. "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында Бээжин бир триллион доллардан ашуун инвестицияларды жасайт деп күтүлүүдө.

Форумдун биринчи күнүндө Кытайдын финансы министри карызды төлөөгө чамасы жетпеген өлкөлөргө насыя бербейбиз деген убадасын жар салган. Ошондой эле Кытай долбоорун "геостратегия" эмес, тескерисинче дүйнөдөгү мамлекеттерди бириктире турган долбоор катары аташууда.

Кытай дүйнө лидерлеринин тынчсыздануусун эске алат

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай дүйнө лидерлеринин тынчсыздануусун эске алат

Сындар айтылып жаткан чакта Бээжин инвестиция салбаса, ондогон жылдардан бери пландалган инфраструктуралык долбоорлор ишке ашпай калмак дейт айрым эксперттер.

Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбоору аркылуу каражат алган биринчи өнүккөн мамлекет бул - Италия болуп калды. Европалык бул өлкө "Чоң жетиликке" дагы мүчө, дүйнөдөгү эң чоң он экономиканын катарында турганын дагы айта кетели.

"Карыз дипломатиясы"

Кытайдын экономикалык өсүшүн пайдаланып жаткан мамлекеттер дагы кооптонуп калды.

Бээжиндин "Бир алкак- бир жол" долбоору 2013-жылы жарыяланган. Кытай өз долбоору аркылуу Азия, Африка, Европа жана башка аймактарды байланыштырып, соода жүргүзүүнү күчөтүү ыкмасын сунуштаган.

Бирок миллиарддаган долларды талап кылган долбоорго каршылык көрсөткөн мамлекеттер дагы бар. Айрымдар "карыз дипломатиясынан" кооптонсо, башкалары Кытайдын таасиринен тынчсызданат.

Шри-Ланка, Малайзия жана Пакистан бул долбоорго тескери көз карашын так билдирген.

"Менимче, Кытай экономикалык дипломатия аркылуу таасирин бекемдөөнү көздөйт. Ошондой эле долбоордун стратегиялык мааниге ээ болгон жагдайлары бар. Энергетика тармагы же портторду куруу келишимдери келечекте Кытайдын кызыкчылыгында иш алып барат эмеспи", -дейт экономика боюнча адис Майкл Хирсон.

АКШнын вице-президенти Пенс Бээжиндин стратегиялык кызыкчылыктарына көңүл бурган эле. Мисалы, Шри-Ланка Кытайдан алган карызын төлөй албай, өлкөдө жаңы курулган портту Бээжинге өткөрүп берген:

Кытай "карыз дипломатиясы" аркылуу таасирин бекемдеди. Бээжин жүз миллиарддаган долларды Азиядан Африкага, Европадан Латын Америкага чейинки инфраструктуралык долбоорлорго карызга сунуштап жатат. Карыздын шарттары өтө начар жана көп учурда Кытайдын кызыкчылыгы гана эске алынган. Ишенбесеңер Шри-Ланкадан сурагыла".

Экономика боюнча адис Том Рафертинин айтымында, Бээжин "Бир алкак - бир жол" саммитин пайдаланып, тынчсызданууларды жайгарууну, долбоор инклюзивдүү демилге экенин көрсөтүүнү көздөйт.

Бээжиндин Кыргызстанга болгон инвестициялары

Кытай Кыргызстанга насыя берген негизги өлкө. Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон Кыргызстандын карызы 2018-жылдын декабрына карата 1 млрд 719,38 миллион доллар деп айтылган. Бул өлкөнүн сырткы карызынын 44,9 пайызын түзөт.

Президент Жээнбековдун «Бир алкак - бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Жээнбековдун «Бир алкак - бир жол» форумунун биринчи сессиясында кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кытай кыргызстандык 574 ишканага инвестиция салган. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдан түз келген инвестиция 1768,6 млн долларды түздү.

"Бир алкак - бир жол" долбоорунун өнүгүшү кыргыз-кытай кызматташтыгын соода жаатында дагы, инфраструктуралык жактан дагы күчөтүү максатын көздөйт.

Кытай Борбордук Азияда биринчи кезекте транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда. Миллиардаган инвестиция Борбор Азия аркылуу Иран, Орусия, Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана автожолдорду курууга жумшалып жатат.

Кытай Кашкардан Европаны көздөй Орусияны айланып, Кыргызстан жана Ɵзбекстан, Түркмөнстан аркылуу трансконтиненталдык темир жол курууну пландаштырып жатканына көп болду. Кыргызстан бул долбоордон өзүнүн кызыкчылыгын талашып, эң оболу өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген темир жол маанилүү экенин билдирип келет.

Кытай менен Казакстандын чек арасында кургактагы ири порт Коргос курулуп бүттү. Андан жүктү Актау портуна жеткирип, андан ары Каспий деңизи аркылуу Азербайжан менен Грузияга жеткирүү каралган.

Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттер айыл чарбасына жана өнөр жайга салынган Кытай инвестициялары экономиканы өнүктүрөт деп үмүттөнүп жатышат. Бирок Кытайдын геосаясий долбооруна каршылыктар да пайда болду. Борбордук Азиянын башкаруучулары Бээжиндин капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда. Кээ бир учурларда ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат. (AT)