ШКУ: Кытай инвестициялык долбоорлорго 4.7 миллиард доллар бөлөт

    • Author, Алмаз Чороев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтүүдө. Кытайдын лидери Си Цзиньпин ШКУнун алкагында инвестициялык долбоорлорго 4.7 миллиард доллар бөлүнөт деп жарыялады.

саммит

Сүрөттүн булагы, official

Президент Жээнбеков болсо кайрылуусунда ШКУнун алкагында өнүгүү банкын негиздөө зарыл экенин белгилеп, аны Кыргызстанда жайгаштырса мүмкүн экенин кошумчалады.

Кыргыз лидери экономикалык кызматташуу өтө маанилүү экенин дагы айтты жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тездетүүнү сунуштады.

Ошондой эле Жээнбеков ШКУга мүчө болгон мамлекет башчыларын "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына" чакырды.

Жээнбеков ШКУга мүчө болгон мамлекет башчыларын "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына" чакырды.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээнбеков ШКУга мүчө болгон мамлекет башчыларын "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына" чакырды.

Саммит башталып жатканда Кытай лидери Кыргызстандын атынан алгачкы жолу катышып жаткан президент Жээнбековду куттуктап өтүп, өткөн жылы эле жаңы мүчө болгон Пакистандын президенти Мамнун Хусейн менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модини өзгөчө белгилеп өттү.

Си Цзиньпин кайрылуусунда бул саммиттин "тарыхый мааниси" бар экенин белгилеп, жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен уюмдун күчү, кадыры дагы жогорулайт деп билдирди.

Циндао шаарындагы жыйында уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө тийешелүү бир катар чечимдер талкууга алынып, саясий, экономикалык, маданий, коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерге кол коюлмакчы. Келишимдердин арасында майда, чакан жана орто ишкерлик жаатында өз ара түшүнүү, түрткү берүү жана туризм тармагы боюнча кызматташуу документтери дагы бар.

Кытайдын лидери өлкө ШКУнун алкагында 4.7 миллард долларды инвестициялык долбоорлорго бөлүнөт деп жарыялады.

Президент Жээнбеков болсо ШКУнун алкагында өнүгүү банкты негиздөө зарыл экенин айтып, аны Кыргызстанда жайгаштырса мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга чейин бир катар экономика боюнча адистер Шанхай кызматташтык уюму экономикалык маселелерге көңүл бурмайынча күчтүү регионалдык биримдикке айлана албастыгын белгилеп өтүшкөн.

"Экономика маселеси бул уюмдун өсүшүнүн негизги булагы болуп келген. Эгер дүйнөдөгү Европа биримдиги сыяктуу ийгиликтүү регионалдык биримдиктерди мисалга алсак, андай өлкөлөрдүн мүчөлөрүнүн ортосунда айырмачылыктар бар экени маалым. Бирок алар экономикалык орток маселелерден улам бирдиктүү иш алып барып, саясий тоскоолдуктарды ашып өтүшкөн. Мындай мамиле ийгиликке алып келген"-деди Сингапурдагы улуттук университеттин изилдөөчүсү Амитенду Палит.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров Кытай менен "туризм" багытында кызматташуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп билдирди.

"Кытайдын Реформа боюнча комитети өлкөдө 400 миллиондон ашуун киши орто катмардан өйдө болуп калды деп билдирди. Алардын көбү салт боюнча тышка эс алып келүүнү каалайт. Туризм деп сөз кылдыңыздар, бизде 400 миллион киши дүйнө жүзүн кыдырып келип жатат, алар даяр деп айтышты. Ушуларды кабыл алгыла деп кошумчалашты. Бирок биз ага жарабай жатабыз", -депутат Акылбек Жапаров.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары

Сүрөттүн булагы, official

Саммитте Кытайдын ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгы аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет. Президент Жээнбеков 2019-жылы Бишкектеги cаммит 14-15-июнда өтөт деп жарыялады.

ШКУнун максаты кандай?

Буга чейин Кытайдын президенти Си Цзиньпин ШКУну негизги дипломатиялык багыттардын бири деп атаган.

2017-жылы ШКУга Индия менен Пакистан толук кандуу мүчө катары кошулганда, ал уюмдун «жаңы тарыхынын башаты» катары бааланган. Эки мамлекет мүчө болгондон кийин Уюмга кирген өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны дүйнө калкынын дээрлик 50%ын түзүп калган.

Кытайдын лидери

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин Кытайдын лидери Си Цзиньпин ШКУну негизги дипломатиялык багыттардын бири деп атаган.

ШКУнун негизиги максаттары бир аз бүдөмүк жана өзүнө коопсуздуктан баштап, экономикалык байланыштар, маданий алакалар сыяктуу кеңири функцияларды камтыйт.

Негизги багыттардын бири бул - экстремизм, терроризм жана сепаратизмге каршы күрөшүү. Бирок иш жүзүндө ШКУ аскердик альянс эсептелебейт. Айталы НАТО сыяктуу аскердик бирикме эмес.

Бирок ШКУга мүчө өлкөлөр уюмдун функцияларын ар башка көрөт деп айтса да болот. Кытай үчүн бул уюм "Бир алкак - бир жол" деген өз саясатын жылдыруудагы интеграциялык структура сыяктуу. Бул программанын алкагында Кытай өзүнүн Шанхайдан тарта ири аймактарын Евразия континенти менен байланыштыруу үчүн инфраструктуралык долбоорлорун активдүү алдыга жылдырып келүүдө.

Орусия үчүн ШКУ көбүрөөк батышка каршы туруп, постсоветтик мейкиндиктеги жана андан сырткары өлкөлөрдөгү таасирин жайылтууга аянтча эсептелет. Уюмдун кеңейип жатышы дагы бул ролду күчтөндүрмөкчү.

Өткөн жылы президент Путин уюмдун кеңейгени "чөлкөмдөгү процесстерге жана жалпы эле эл аралык аренадагы жараяндарга активдүү таасир этүүгө кошумча мүмкүнчүлүк" деп белгилеген.

Индия үчүн бул уюм Пакистанды жана Кытайды тең салмактап, Орусияга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет. Эксперттер Москва Индиянын жардамы менен уюмдагы Кытайдын таасирин дагы алсыратууну көздөйт деп айтышууда.

Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ички талаш-талкуулары дагы жок эмес. Маселен Борбор Азиядагы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда суу, чек ара маселелери курч бойдон.

Дипломаттардын айтымында, саммиттин шарапаты менен тараптар буга окшош аймактык суроолорго чекит коюшпаса дагы, өз-ара талкуулап алууга мүмкүнчүлүк табышы ыктымал.

ШКУнун Кыргызстан үчүн мааниси

ШКУ саммитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

9-июнда президент Жээнбеков Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкууга алышты. Эки тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жараянын тездетүү жөнүндө сөз кылышты. Эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча вице-премьерлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 2018-жылдын 20-июнда Дүйшөмбү шаарында өтмөкчү.

9-июнда президент Жээнбеков Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкууга алышты.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 9-июнда президент Жээнбеков Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолугуп, чек ара маселесин талкууга алышты.

4-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, анда тажик тарап курал колдонуп, асманды карай эскертүү ок чыгарган. Жаңжалдын себеби, чек ара тилкесинде тажик чек арачылары тарабынан жүрүм-турум эрежелери бузулганы деп айтылган.

Ошондой эле эки лидер региондогу кырдаал боюнча пикир алмашышып, терроризм менен экстремизмге каршы жалпы күчтөрдү күчөтүү зарылдыгын баса белгилешти.

Адистердин айтымында, Кыргызстан бул уюмдун аянтчасын пайдаланып, чек ара, суу-энергетика өңдүү көйгөйлөрдү чечип алса болот.

Лондондогу Королдук колледждин Борбор Азия боюнча адиси Филиппо Коста-Буранелли ШКУ өзүнөн өзү чек ара маселесин чечип берчү уюм эмес экенин, бирок эки тараптуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп билдирди.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Индия жана Пакистан мүчө болуп кирген.