Кытайдын жаңы Жибек жолуна Италия кошулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын президенти расмий иш сапары менен Римге келип, Италия менен ири инфраструктуралык долбоорлор боюнча келишимге кол койду. Бирок Батыш мамлекеттери Кытайдын өсүп жаткан таасирине тынчсызданууда.
Кытай лидери Си Цзиньпин демилгелеген "Бир алкак - бир жол" долбоору өлкөнү Европа менен байланыштырууну көздөйт. Экономикасы солгундаган Италия болсо инвестиция тартып келүү максатын ачык айткан.
Ал ортодо Европа Биримдиги менен АКШ өкмөтү Кытайдын өсүп жаткан таасирине тынчсызданууда.
Кургактагы жана деңиздеги жолдор аркылуу соода
Кытайдын Улуу жибек жолун кайра жаңыртууну каалаган "Бир алкак - бир жол" долбоору 60 мамлекет менен алака-катышты өнүктүрүүнү көздөйт. Бул соңку жылдардагы эң амбициялуу инвестициялык программалардын бири болуп калды. Анда Кытайдын алюминий, болот өнөр жайына, курулуш жана башка тармактарына жаңы рынокторду өздөштүрүү максаты жатат. Ал үчүн Европа менен соода жүргүзүүнүн жаңы маршруттары каралууда.
Бээжин "Улуу жибек жолунун экономикалык куру" транспорттук байланыштарды, эркин сооданы, финансылык интеграцияны, маданий-билим берүү кызматташтыктарын өнүктүрүүнү максат кылууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай инвестиция катары өнөктөш мамлекеттерине миллиарддаган доллар которуп, инфраструктуралык курулуштарды ишке ашырууда. Кытай которгон каражат менен темир жолдор, порттор жана жолдор курулууда. Сынчылар болсо Бээжин долбоорго жамынып, геосаясий жана стратегиялык таасирин кеңейтип жатканын белгилеп жатышат. Бээжиндин экономикалык долбоорунун стратегиялык жана идеологиялык максаты бар экени талашсыз. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, Бээжин эл аралык таасирин мындан дагы күчөтөт.
Батыш өлкөлөрүндө карызга баткан Борбор Азия, Түштүк Азия жана Африка мамлекеттери аргасыз Кытайдын сөзүн угуп калды деген пикир бар.
Ага карабастан Бээжин инвестиция салбаса, ондогон жылдардан бери пландалган инфраструктуралык долбоорлор ишке ашпай калмак дейт айрым эксперттер.
Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбоору аркылуу каражат алган биринчи өнүккөн мамлекет бул - Италия болуп калды. Европалык бул өлкө "Чоң житиликке" дагы мүчө, дүйнөдөгү эң чоң он экономиканын катарында турганын дагы айта кетели.

2018-жылдан бери Италиянын экономикасы солгундап жатат. Өткөн жылы Генуя шаарындагы көпүрөнүн урап түшкөнү - өлкөнүн инфраструктурасы эскирип баратканынан кабар берет.
Италиянын премьер-министри Кытайдын инвестициясы биринчи кезекте Триест менен Генуя шаарына багытталат деп билдирди.
"Кытайдын дүйнөдөгү таасирин биздин компаниялар колдонуп калышы керек деген пикирдебиз",-деди премьер-министр Мишель Гераси.
Кытай үчүн Италия канчалык маанилүү?
Көпчүлүк талдоочулар Кытайдын Италиядагы инвестициялары жалпысынан "символикалык" гана мааниге ээ деп мүнөздөп жатышат. Муну менен Бээжин өнүккөн мамлекеттер дагы Кытайдын инвестициясына муктаж дегенди көрсөткүсү келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Европа Биримдиги Кытайдын таасиринен кооптонуп, негизги он маселеге көңүл буруш керек экенин айтып чыккан. Алардын бири - Кытайдын Huawei компаниясына Европадагы ишмердүүлүгүнө уруксат берүү. Буга чейин АКШ телеком гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп билдирген. Huawei болсо айыптарды четке кагып келүүдө.
Италия менен Кытай кол койгон келишимдерде Huawei компаниясынын ишмердүүлүгү камтылган эмес. Ошондой эле Рим эки мамлекет кол койгон келишимдин мыйзамдык күчү жок экенин белгилеп жатат. Андан тышкары Италия Европа мамлекеттери Кытайдын каражатын Инфраструктуралык инвестиция боюнча Азия банкы аркылуу алып жатканын да кошумчалады.
Кытайдын Борбор Азиядагы инвестициялары
Кытай Борбордук Азияда биринчи кезекте транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго көңүл бурууда. Миллиардаган инвестиция Борбор Азия аркылуу Иран, Орусия, Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана автожолдорду курууга жумшалып жатат.
Кытай Кашкардан Европаны көздөй Орусияны айланып, Кыргызстан жана Ɵзбекстан, Түркмөнстан аркылуу трансконтиненталдык темир жол курууну пландаштырып жатканына көп болду. Кыргызстан бул долбоордон өзүнүн кызыкчылыгын талашып, эң оболу өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген темир жол маанилүү экенин билдирип келет.
Кытай менен Казакстандын чек арасында кургактагы ири порт Коргос курулуп бүттү. Андан жүктү Актау портуна жеткирип, андан ары Каспий деңизи аркылуу Азербайжан менен Грузияга жеткирүү каралган.
Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттер айыл чарбасына жана өнөр жайга салынган Кытай инвестициялары экономиканы өнүктүрөт деп үмүттөнүп жатышат. Бирок Кытайдын геосаясий долбооруна каршылыктар да пайда болду. Борбордук Азиянын башкаруучулары Бээжиндин капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда. Кээ бир учурларда ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат. (AT)









