Кытай Европада жогорку ылдамдыктагы поезд жолун курабы?

Кытайдын премьери Ли Кэцян

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын премьери Ли Кэцян

Кытайдын премьери Ли Кэцян Европанын жана Балкан мамлекеттеринин 16 лидери менен жолугуу үчүн Будапешт шаарына келди. 16 мамлекеттин 11и Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр.

Кытай аймактагы инвестицияларынын көлөмүн жогорулатат деп күтүлүүдө. Бирок сынчылар Европа мамлекеттеринин Бээжин менен биргелешкен долбоорлорунун ачык-айкындуулугу тууралуу суроо көтөрүп, кызуу талкуу жаралууда.

Будапештте бешинчи жолу "16 плюс 1" саммити өтүүдө. Ага Европанын чыгышында жана борборунда жайгашкан 16 мамлекет менен Кытай катышат.

Саммит 2012-жылы башталгандан бери инвестиция тууралуу көп сөз болгон, бирок каражат которулган эмес. Талдоочулардын баамында, быйылкы саммиттен кийин ири долбоорлорго кол коюлушу ыктымал.

Лондон-Кытай поезди

Сүрөттүн булагы, ISABEL INFANTES/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжин "Бир алкак - бир жол" долбоорунун алкагында Кытай-Европа темир жолу аркылуу жүк ташып келет

Алардын негизгиси Кытай каржылап жаткан Будапешт шаарынан Белградка чейинки жогорку ылдамдыктагы поезд каттамы. Бул темир жол каттамы Кытай ижарага алган Грециядагы портко барып байланат.

Андан тышкары Кытай Польшадагы аба майданга, Венгриядагы электр кубаты менен жүргөн унаа чыгарган заводго жана Блгариядагы поезд заводуна ири инвестиция салат деп айтылууда.

"Бир алкак - бир жол" долбоору

Кытайдын Улуу жибек жолун кайра жаратууну караган "Бир алкак - бир жол" долбоору 60 мамлекет менен алака-катышты өнүктүрүүнү көздөгөн соңку жылдардагы эң амбициялык инвестициялык программа болуп калды. Анда Кытайдын алюминий, болот өнөр жайына, курулуш жана башка тармактарына жаңы рынокторду өздөштүрүү максаты жатат. Ал үчүн Европа менен соода жүргүзүүнүн жаңы маршруттары каралууда.

Кеңири планды алган Бээжин "Улуу жибек жолунун экономикалык куру" транспорттук байланыштарды, эркин сооданы, финансылык интеграцияны, маданий-билим берүү кызматташтыктарын өнүктүрүүнү максат кылууда.