Байыркы адамдар Африкадан жер которгон мезгил

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
Аң-сезимдүү эң байыркы адамдын сөөктөрү Африкадан гана табылып келген болсо, изилдөөчүлөр эми Грециянын аймагынан табылганын далилдөөдө.
Окумуштуулардын пикиринде Грециядан табылган баш сөөктүн бөлүктөрү кеминде 210 миң жыл мурунку доорго таандык. Бул мезгилде Европанын азыркы аймагында неандерталдар жашаган.
Эгерде Грециянын Апидима үңкүрүнөн табылган баш сөөктүн кайсыл доорго таандык экени так аныкталса, анда биздин Homo sapiens (аң-сезими калыптанган киши) тарыхы тууралуу түшүнүктөрүбүздү өзгөртөт. Эң байыркы адамдар Африкадан Европага болжолу 45 миң жыл мурун өтүп келген деп эсептелип жүрөт.
Изилдөөнүн тыянагы Nature журналына жарыяланды.
Палеоантропология боюнча адис Катерина Харвати Guardian басылмасына берген интервьюсунда бул ачылыш байыркы кишилер Африкадан сырткары аймакка, анын ичинде Европага келгени мурдагы айтылгандан бир топ эле илгери болгонун далилдейт деп айтты.
Аң-сезимдүү адамдар алгач Африкадан мындан 60 миң жыл илгери көчүп келгени тууралуу далилдерди келтиришет. Евразияга көчүп келген учурда байыркы адамдардын башка түрлөрүн, маселен, неандерталдар менен денисовчуларды сүрүп чыккан.
1990-жылдары Израилдин Кафзех жана Скул үңкүрлөрүнөн табылган сөөктөрдү мындан 90-125 миң жылдар мурунку деп болжошкон. Анда окумуштуулар булар Африканы таштап чыгууга аракет кылгандар болушу мүмкүн деп чечмелешкен эле.
Бирок соңку мезгилдерде Homo sapiens (аң-сезими калыптанган киши) жаңы аймактарды мурда айтылып жүргөндөн миңдеген жылдар мурун эле өздөштүрүүгө киришкени белгилүү боло баштады.
Палеонтологдор жакында эле Кытайдан 80-120 миң жыл мурунку адамдын сөөктөрүн табышты. ДНК изилдөөлөрү Африкадан келген кишилер менен неандерталдар ортосунда кан аралашканын көрсөткөн. Азыркы Германиянын аймагын байырлаган неандерталдын табылган сөөгүнүн анализи кан аралашуу 319-460 миң жыл илгери болгон деп болжошот. Бирок кан аралашуу Африка аймагында жашаган байыркы адамдын башка түрү менен болгонбу же Homo sapiens менен болгонбу, бул жагы түшүнүксүз. (AbA)












