Минск менен Москва ортосундагы мамиле курчуду

Сүрөттүн булагы, EPA
Минск менен союздашы Москва ортосундагы мамиле курчуп кетти. Беларусь Минскте кармалган орусиялыктар "ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери деп билдирди. Кремль бул маселеде сабырдуулук көрсөтүп, азыркы кырдаал президенттик шайлоо алдындагы беларустардын ички маселеси экенин айтууда.
9-августта өлкө алтынчы ирет президенттик шайлоо өткөрөт. Беларустагы ар бир президенттик шайлоодо Минск дайыма "Москванын колу" тууралуу айтып келгени бар. Мурда ал "кол" бийликтен түшпөгөн Александр Лукашенкону колдойт деп оппозиция даттанып келген болсо, азыр таптакыр башка кырдаал жаралды. "Москванын колу" тууралуу Александр Лукашенконун өзү сөз кылууда.
Шайлоо өнөктүгүнүн алдында Минск билдирүү жасап, Москва шайлоого кийгилишип, стабилдүүлүккө коркунуч жаратууда деп айыптаган. Мындай билдирүү Белгазпромбанктын жетекчиси Виктор Бабарико талапкерлигин көрсөтөөрү белгилүү болгондон кийин айтылган эле. Беларусь шайлоого кийгилишкен "Газпромдун куурчактарын" аныктаганын айтканы ошондон болсо керек.
Бабарико 18-июнда "салыкты жашыруу", "пара алуу", "акча адалдоо" беренелери менен айыпталып Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Аны менен чогуу уулу Эдуард жана банкта иштеген жыйырмадай киши кармалган. Укук коргоо уюмдары аларды саясий туткун деп атады.
Белгазпромбанктын дээрлик 100 пайыз акциясы орусиялык "Газпромго" жана Газпромбанкка таандык. Ал ортодо Беларустун орус газына болгон карызы 273 млн. долларга чейин өстү. Орусия бир жылдан бери карызын кечкен жок жана жардам да убада кыла элек.
Беларустун мамлекеттик карызынын жарым жылдык өсүүсү 17,5% болуп, 52,6 млрд беларус рублуна чейин көбөйдү. Өлкө бюджетинде таңкыстык жаралды. Ошондуктан айрым эксперттердин байкоосунда Лукашенко шайлоо алдында "сырткы күчтөр тууралуу" айтып, электораттын колдоосун алууга умтулууда.
Эмнеге Кремлди душман көрдү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Belarus Security Blog жетекчиси Андрей Поротниковдун пикиринде 2018-жылдын соңунда Владимир Путин менен Александр Лукашенко ортосунда келишпестик жаралган. Беларусь орус газы кымбат экенине нааразы.
Поротниковдун болжолунда Петербургдагы саммит маалында Орусия президентинин чыдамы түгөндү көрүнөт. Лукашенконун газга байланыштуу кер какшык сөзүнөн кийин Путин ММК өкүлдөрүнүн залдан чыгып турушун өтүнгөн. Прессанын катышуусу жок өткөн сүйлөшүүдөн кийин Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бардык суроолор чечилгенин, Путинден кечирим сураганын айтты. Андан кийин Лукашенко кечиримди ал эмес, Армения премьери Пашинян сураганын түшүндүрө баштады. Минскке баргандан кийин кечиримди "баары баары үчүн сураганын" айткан эле.
Эксперттин пикиринде Лукашенко өткөн жылдан бери Путин менен мамилесин калыбына келтирүүгө жакшы эле аракет кылды окшойт. Бирок ишке ашыра албады көрүнөт.
Лукашенко азыр орусиялык коркунучу тууралуу айтып, тегерегине электораттарды топтоого умтулууда. Алардын алдына же Лукашенко, болбосо Орусия агрессиясы деген тандоо коюп жаткандай.
"Жардамга келген" согушкерлер

Сүрөттүн булагы, Getty Images
28-июль күнү түн жарымда Минск шаарынын чет жакасындагы санаториядан 32 киши кармалган. Дагы бир орусиялык жаранды өлкөнүн түштүгүндө камакка алышты. Беларусь маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип, кармалгандар "ЧВК Вагнер" (Вагнердин жеке аскердик компаниясынын) жалданма аскерлери экенин жазып чыгышты. Анда "шайлоо өнөктүгү маалында өлкөдөгү кырдаалды дестабилизация кылуу үчүн" 200 чамалуу согушкер келгени айтылат.
Беларустун Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын тизмесин Украинага берип, арасында Донбасста согушкандар болушу мүмкүн деген. Украина болсо 33 кишинин 28ин өткөрүп берүүнү талап кылууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Беларустагы жарандары негизсиз кармалган деп айтты. Жакында аларды бошотот деген үмүттөбүз деген орус лидери.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кармалган орус жарандары Минск аркылуу транзит менен Стамбулга учуп бара жатканын, эч кандай мыйзам бузууга барышпаганын билдирген.
Беларуста шайлоо алдында митингдер өтүүдө. Айрым орусиялык эксперттер Лукашенко "Орусияны бетке кармоо менен шайлоону жылдырып коюшу да мүмкүн" экенин айтууда. Бирок ошол эле маалда Лукашенконун жагдай кыйндады дегендер бар.
"Лукашенко эки оттун ортосунда калды. Бир тарабында Орусия, экинчи жагында андан көңүлү калган ортоңку кластагылар, өзгөчө жаштар. Мунун өзү анын жүрүш жасоосун кыйындатты. Ошондуктан оюн курчуп кетти. Эгерде Орусия Лукашенкону бийликтен сүрүп салгысы келсе, анда кийинки бийликке келген киши деле Орусиядан сөзсүз оолак болууга аракет кылат. Башка келген президенттин, маселен, жалпы валютага макулдук бергенин элесететүү кыйын. Эгерде макул болсо, анда он миңдеген кишилер Минскте кечээги Тихановскаянын митингине чыккандай турушат",-деп болжойт орусиялык саясат Алексей Макаркин. (AbA)














