Беларусь: Тергөө комитети оппозицияны суракка алууда

Сүрөттүн булагы, EPA
Беларустун Тергөө комитети оппозициялык кеңештин дагы бир мүчөсү Мария Колесникованы суракка чакырды. Колесникова Беларусь оппозициясындагы үч аял лидердин бири жана өлкөдөн чыгып кеткен жок. Анын үзөңгүлөштөрү Светлана Тихановская менен Вероника Цепкало башка өлкөгө чыгып кетишкен эле.
20-августта оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө карата өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан деген айып менен кылмыш иши козголгон. Эгерде алар айыптуу деп табылса, беш жылга чейин абакка кесилет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мунун алдында эле Минскиде адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээси, оппозиция түзгөн кеңештин мүчөсү Светлана Алексиевич суракка алынды.
Тергөө комитети "бийликти күч менен басып алууга чакырык", "Беларустун улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратуу" беренелер менен козголгон кылмыш иштерин иликтөөгө киришти. Мындай аракеттери үчүн Светлана Тихановскаянын демилгеси менен түзүлгөн оппозициялык кеңештин мүчөлөрү айыпталып жатат. Өлкөнүн башкы прокурору Александр Конюк 20-августагы билдирүүсүндө оппозициялык кеңештин түзүлүшүн мамлекеттик бийликти басып алууга багытталган жана коопсуздукка коркунуч жаратат деп мүнөздөгөн эле.

Сүрөттүн булагы, Сергей Бобылев/ТАСС
Жазуучу Алексиевич Тергөө комитетинде 40 минутадай болуп, эч кандай көрсөтмө берген эмес. Аны азырынча күбө катары суракка алып жатышат.
Алексиевич дүйнөлүк коомчулук беларустарга Лукашенко менен диалог түзүүгө жардам бериши керек деп айтты. Балким, мындай сүйлөшүүлөрдү уюштурууга Орусия жана анын лидери Владимир Путинди тартуу керектир деди жазуучу.
Буга чейин Тергөө комитети оппозициялык кеңештин төрт мүчөсүн суракка алган. Дагы эки мүчөсү - Ольга Ковалькова менен Сергей Дылевский эки күн мурун камакка алынды. Аларды уруксат берилбеген митинг үчүн айыптап, 10 күнгө камашты.

Сүрөттүн булагы, EPA
Кечинде Эгемендик аянтындагы оппозициянын каршылык жүрүшү милициянын атайын күчтөрү тарабынан таратылды. Жергиликтүү басылмалар онго чукул киши кармалганын жазды. Шаршембиде Минскиде интернетти өчүрүп салышканы дагы кабарланды. (AbA)











