Covid-19: Гонконгдогу “үчүнчү толкундан” кандай сабак алышыбыз керек?

A woman wears a surgical mask following the coronavirus disease (COVID-19) outbreak, in Hong Kong, China July 17, 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаарда бир күндүн ичинде коронавируска кабылгандардын саны рекорддук деңгээлге чыкты. Бейшемби күнү 149 жаңы учур катталды

Гонконг буга чейин коронавирус пандемиясына каршы күрөштө ийгиликке жеткен мамлекеттердин бири эле. Кытай менен чектеш болгонуна карабастан, Гонконг вирусту жуктурган тургундардын санын төмөн кармады. Андан тышкары Европа, АКШ же Кытайдан айырмаланып, Гонконг катаал карантин чектөөлөрүн киргизген эмес.

Эми шаарда экинчи эмес, вирустун жайылышынын "үчүнчү толкуну" болуп жатат. Гонконгдун бийлиги саламаттыкты сактоо системасы урап калуунун алдында турганын эскертти.

Ошондо шаар бийлиги кандай каталарды кетирди жана андан Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер кандай сабак алышы керек?

Дүйнө сабак ала турган Гонконгдун каталары

Гонконгдо коронавируска кабылган биринчи бейтап январдын аягында аныкталган. Тургундар дендароо абалына түшүп, дүкөндөрдө азык-түлүк калбай калган эле. Бирок шаар бийлиги тез арада чечкиндүү кадамга барып, вирустун жайылышын токтото алды.

Март айында чет өлкөлүк студенттерге Гонконгго кайтып келүүгө уруксат берилип, вирус кайрадан жайылган. Муну шаар бийлиги "экинчи толкун" деп аташкан. Бул учурда дагы Гонконг чек арадагы чектөөлөрүн күчөтүп, шаарда туруктуу жашабаган чет мамлекттин жарандарына аймакка келүүгө тыюу салган. Ошондой эле калаага чет өлкөдөн келгендердин баары вирусту аныктоочу тест тапшырып, 14 күн карантинде болушту. Жада калса чет өлкөдөн келгендерге атайын электрондук билерик дагы тапшырылды. Алар үйдөн чыгып кеткен болсо, билерик шаар бийлигине эскертүү жөнөткөн.

Бул чаралар менен бирге, шаар тургундары беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо жана гигиенага көңүл бурушкан. Коомдун жоопкерчиликтүү мамилеси жана шаар бийлигинин чараларынан кийин бир нече апта бою Гонконгдо жаңы учур катталган жок.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Анда "үчүнчү толкун" эмне себептен чыкты?

Гонконг университетинин вирусология кафедрасынын башчысы профессор Малик Пейрис шаар бийлиги эки чоң ката кетиргенин айтат.

Биринчиден, чет өлкөдөн келген тургундардын басымдуу бөлүгү 14 күнгө созулган карантинди үйдө өткөрүүнү тандашкан. Албетте, мындай ыкманы дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер колдонууда.

"Бул ыкманын чоң кемчилиги бар. Чет өлкөдөн келген тургунга электрондук билерик берилген күнү да, үйдө чогуу жашагандарга эч кандай чектөөлөр жок. Алар каалаган учурда эшикке чыгып, каалаган жерине барып жатышты",-дейт профессор Пейрис.

Бирок окумуштуунун пикиринде, андан дагы олуттуу ката Гонконг бийлигинин чет өлкөдөн келген айрым топторго 14 күн карантин жана вирусту аныктоочу тесттен өтпөй коюуга уруксат бергени болду. Шаар бийлиги учак экипажы, моряктар, чоң компаниялардын жетекчилерин чектөө чараларынан бошоткон. Демек, 200 миң киши Гонконгго каалагандан келип-кетип турду.

Шаар бийлиги бул кадамга экономикалык кыйынчылыктардан улам барган. Эл аралык соодага байланган Гонконг аркылуу учак каттамдар жана жүк ташыган кемелер тынбай өтүп турат.

Жугуштуу оорулар боюнча адис Жосеф Цаң дагы профессор Пейрисдин пикирине кошулат. Анын айтымында, айрым топторду чектөөлөрдөн бошотуу, вирустун жайылып кетишине жол ачты.

Шаар бийлиги башында окумуштуулардын айтканын четке какканы менен, эми бул саясат катачылык болгонун мойнуна алышты. Учурда учак экипажы, моряктар, чоң компаниялардын жетекчилерине карата чектөөлөр күчөтүлдү.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Ушул аптанын башында учак экипаж өкүлдөрүнүн бири вирусту аныктоочу тесттин жыйынтыгы күтүп жатып, шаар кыдырып жүргөнүн көрсөткөн видео тарап, кызуу талкууга жем таштады. Шаар тургундары бул топко карата чектөөлөр катаалдаштырылы керек экенин жүйөө кармашууда.

Ал тапта FedEx компаниясынын Гонконгдогу өкүлү шаарга учак жөнөтпөй турууга үндөдү. Себеби вирусту аныктоочу тесттер, эгерде Covid-19 аныкталып калса, учак экипажын 14 күн карантинде кармоо сыяктуу чаралар кымбатка турат.

Социалдык аралыкты сактоо канчалык маанилүү?

Гонконг чакан топко чектөөлөрдү жеңилдеткенине бир нече ай болду, бирок "үчүнчү толкун" июль айында болуп жатат. Демек, вирустун жайылышына башка дагы жагдай өбөлгө болгон.

Профессор Пейрим экинчи фактор катары социалдык аралыкты сактоо эрежесине киргизилген жеңилдиктерди атады. Июнь айында Гонконг бийлиги элүү кишиге чейин топтошууга уруксат берген. Бир нече ай бою үйдөн чыкпай келген тургундар, дароо көчөгө агылып, коомдук жайлар толуп калган эле. Андан тышкары бул айда ар түрдүү майрамдар дагы көп болду.

"Эгерде социалдык аралыкты сактоо чаралары күчүндө кала берсе, шаардын саламаттыкты сактоо системасы аз сандагы бейтаптарга көмөк көрсөтүп, абал курчумак эмес. Бул эрежелер жеңилдетилип, чет жерден келгендерге карата чектөөлөр дагы алынып, вирус кеңири жайылды",-дейт профессор Пейрис.

A staff member wearing a face mask following the coronavirus disease (Covid-19) outbreak hands takeaway food to a customer outside a restaurant in Hong Kong, China

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гонконг бийлиги эки кишиден көп топтошууга тыюу салды жана бир учурд ресторан менен кафелерди дагы жаап салган

Пейрис мырза социалдык аралыкты сактоо эрежелери кайрадан киргизилгенден кийин абал дароо оңолгонун кошумчалады. Окумуштуу мындай чектөөлөр менен шаар алты аптанын ичинде вирустун жайылышын токтото алат деп белгиледи.

Албетте, коомдук саламаттык, карантин чектөөлөр менен экономиканы тең салмакта кармоо абдан татаал. Ошондуктан окумуштуулар мындай жагдай дүйнөнүн башка мамлекеттеринде дагы түзүлүшү мүмкүн экенин эскертип, буга көңүл буруу маанилүү экенин белгилешүүдө. (AT)