Кытайлык дарыгер: бийлик оорунун масштабын жашырган

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ухандагы коронавирустун жайылышы боюнча изилдөөгө катышкан кытайлык дарыгер Квок-Юн Юэн Би-Би-Сиге маек берди. Анын пикиринде жергиликтүү бийлик окуянын масштабын жаап-жашырууга аракет кылган.
Далилдерди жок кылышып, ал эми дарыгерлердин тыянактарына реакция өтө эле жай болгон, деди ал.
"Биз Хуанандагы базарга барганда көрө турган деле эч нерсе жок болчу. Анткени биз барган маалда базарды тазалап салышыптыр. Мындайча айтканда, кылмыш болгон жерден илинчек табууга мүмкүн эмес эле. Ошондуктан кайсыл жаныбар вирусту алып жүргөн жана адамга жуктурган дегенди аныктоо мүмкүн болбоду",-деди ал.
"Алар Ухандагы кандайдыр бир маалыматты жашырган болушу мүмкүн деп күмөнсүп жатам. Жергиликтүү бийлик колдо бар маалыматтары менен бөлүшүүгө даяр эмес экен",-деп кошумчалады дарыгер.
Башынан эле Covid-19 тууралуу кырдаалды жана анын масштабын Кытай бийлиги жаап-жашырганы, жеткиликтүү чара көрбөгөнү тууралуу дооматтар айтылып келүүдө. Коркунуч тууралуу декабарда эле эскертүүгө аракет кылган дарыгерди жазалаганы дагы айтылган. Бээжин айтылган дооматтарды кескин четке кагып келүүдө.
Буга чейин АКШ президенти жана мамлекеттик катчысы Кытай коронавирусту Ухандагы Вирусология институтунун лабораториясынан таратты деп айыптаганы бар. Мындай шектенүүлөр пандемия башталгандан бери эле дүйнөлүк медиада талкууланып келди.
Майдын башында Sunday Telegraph басылмасы АКШ, Британия, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиянын "Беш көз" (Five Eye) деп аталган биргелешкен чалгындоо альянсы 15 барактан турган доклад даярдаганын жарыялаган. Анда Кытай коронавирус тууралуу маалыматты жашырып, башка өлкөлөрдү кооптуу абалга кептегени айтылат. Маселен, кытайлык бийлик дарыгерлердин оорунун кооптуу экенин дүйнөгө кабарлоосуна мүмкүнчүлүк берген эмес. Лабораториялык эксперименттерди жок кылып, вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан чет өлкөлүк окумуштууларга эч кандай үлгүлөрүн берген эмес деген дооматтар болгон.
Акыркы апталарда Кытай менен АКШ ортосундагы мамиле кескин курчуп кетти.










