“Эмнеге даярдык чабал болду?”: өкмөттүн жоопкерчилигин кароо чакырыгы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кыргызстан коронавирустан каза тапкандарды эскерип, жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялаган Борбор Азияда Казакстандан кийин эле экинчи өлкө болду.
Расмий маалыматтар боюнча марттан бери коронавирустан 1 364 кыргызстандык каза тапты. Бирок бул ооруканаларда каза тапкандардын гана саны. Вирус курмандыктарынын чыныгы санын аныктоо үчүн эки өлкөнүн журналисттери кош (параллель) санак жүргүзүп жатышат.
Айболот, жакында эле атасынан айрылып өксүп турган чагы.
“Атабыздан айрылып калдык, абдан оор болду. Үй-бүлөбүзгө бул чоң жоготуу болуп жатат. Мен ошол күндөргө моргго да бардым, узун кезекте турдум. Маркумдардын сөөгүн ала алышпай туугандары кезекте турушту. Ал тапта моргго жаңы жансыз денелери алып келип жатышты. Эки жактан кезекке турушту, адам көп болуп, керек болсо каза тапкандардын денелери полдордо жатты. Өлгөндөрдүн саны расмий айтылгандардан эки-үч эсе көп болгондой сезилет мага. Анткени моргго, ооруканага жетпей артка кетип жатышкандарды өз көзүм менен көрдүм”.
Айболоттун атасы эки апта мурун оору туу чокусуна жетти делип жаткан кезде каза тапты. Ал күндөрү суткасына сексенден ашык адам көз жумган.
Бүгүн “Ата-Бейитте” коронавирустан каза тапкандарга багышталып куран окулду. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, муфтий Максат ажы Токтомушев жана парламент, өкмөт жетекчилиги катышты.

Сүрөттүн булагы, Official
“31-июлду Курман айт, 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Каза болгон мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу менин жүрөгүмдө”,- деген эле президент “Биринчи радиого” берген маегинде.
Республикалык штаб билдиргендей Кыргызстанда соңку суткада эле коронавирустан 17 адам каза тапты. Бул акыркы эки аптадагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бирок ал чыныгы картинаны чагылдырабы?
Бул суроого жооп табуу үчүн журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан билдирүүлөрдөн тышкары маалымат чогултуу аракетинде.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Азаттык” медиасы “Пандемия: кимди жоготтук?” кайгылуу тизмесин жүргүзүүдө. Анда жакындары каза тапкан адамдар маркумдар жөнүндө алар ким эле, кандай кыялдары бар эле маалымат бөлүшүп жатышат. Тизмедеги маркумдар саны 378ге жетти.
Мындай өнөктүк алгач Казакстанда башталып, жети маалыматтык редакция биригип Umytpa.kz (ред. котормосу - унутпа) ресурсун иштеп чыгышкан.
The Village Kazakhstan, Vlast.kz, “Медиазона Центральная Азия”, Factcheck.kz, Azattyq, “За нами уже выехали” жана “Тіл кеспек жоқ” редакциялары муну менен Казакстанда вирустан канча киши каза таап жатат, көбүрөөк маалымат чогултууну максат кылышкан.
“Ал жерде жөн эле сандарды эмес, андан каза тапкан адамдар тууралуу айтып берели дегенбиз. Тилекке каршы, Саламаттыкты сактоо министрлиги берген сандар реалдуулукка төп келбейби деген күмөнүбүз бар. Биз бул ишти эки ыкма менен жасап атабыз. Биринчиси, биз ачык булактардан маалымат чогултуп жатабыз. ММК, министрлик же маркум иштеген жерден маалымат топтоп анан аны ресурска жүктөп жатабыз. Экинчи ыкма: колдоонучу бизге арыз менен кайрылып, коронавирустан каза тапкан жакындарынын ысымдарын тизмеге кошуп коюуну суранышат. Алар маркумдун аты-жөнүн, эмне менен алек болуп келгени, коронавирустун белгилери анда болгонбу, качан каза тапты маалымат беришет. Ошондой эле каза тапкандыгы тууралуу күбөлүк тиркешет. Биз алардык текшерип, эгер документтерде кемчилик болсо, аларга чалып тактап, верификациялагандан кийин гана сайтка киргизебиз”, дейт - Umytpa.kz сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айсана Ашим.
Казакстанда вирустан каза тапкандарсын саны Кыргызстандагыдай күнүгө жаңыланбайт. Бирок 28-июлга карата берилген расмий маалыматтага ылайык, өлкөдө Covid-19дан каза тапкандар саны 793тү түзгөн.

Сүрөттүн булагы, Official
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев өз өлкөсүндө 13-июлду аза күтүү күнү катары жарыялаган.
Ал ортодо Кыргызстанда вирустун жайылышы жана анын кесепетин иликтөө боюнча Улуттук комиссия түзүү сунушу берилди.
Учурда өзү да оору менен алышып жаткан саясатчы Эмилбек Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасында бийлик өкүлдөрүнүн, аткаминерлердин жана медициналык жайлардын пандемия маалындагы ар бир аракетин тыкыр иликтөөгө чакырды. Пандемия кайталанышы толук мүмкүн, андыктан өткөндөн сабак алышыбыз керек, дейт саясатчы.
Мындай сунушту жакындарын жоготкондор колдоого алып жатат.
“Эмне себептен Кыргызстан ушул илдетке даяр болбой калды? Тергөө жүргүзүп ачык айтыш керек. Кимде кандай күнөө болгон? Кимиси кайсы фармкомпанияларды лоббилеп, кандай протокол менен адамдарды дарылап жатышат? Эми азыр министр отсавкага кетип атат деген сөздөр болууда. Эмне себептен жөн эле кетет? Буга чейинки министр Космосбек Чолпонбаев эле, ал эмне кылып жүрдү? Башым менен жооп берем деди эле, эми жооп берсин”,- дейт Айболот.
Дүйнө жүзүн каптаган пандемия дагы канчага уланат айтуу кыйын. Кыргызстан бул вирустун биринчи толкуну менен курөшүп жатабы же экинчиси мененби ага да так жооп жок. Бирок эң оор мезгилде эл өзү менен өзү калып, өкмөт ыктыярчылар жардамы менен гана абалдан чыкканы талашсыз. Ал тапта коомчулукта эпидемияга жетиштүү даярдык көрө албай, бирок күзүндө өтө турган шайлоого камылга көрүп жаткан бийликке каршы маанай күчөп турган маалы. Элеонора Сагындык кызы.












