ДССУ коронавирустун жаңы толкунуна жаштарды күнөөлөдү

Берлин

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уюм жаштар социалдык аралыкты сактабай жана этияттык чараларына көңүл бурбай жатканын белгиледи

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европадагы эпидемиянын жаңы толкунуна этияттык чараларын сактабай, мурдагыдай эле жашоо образын күткөн жаштар күнөөлүү деп эсептейт.

Уюмдун регионалдык директору Ханс Клюге Би-Би-Си менен маегинде ар бир өлкөнүн бийлиги өзүнүн кеңешин жана сунуштарын так билдирши керек деп айтты.

"Барган сайын вирустун тарашы күчөгөн өлкөлөр саны артууда. Бизге белгилүү болгондой мунун баары кишилер жүрүм-турумун өзгөрткөндөн улам болду. Айрым өлкөнүн саламаттыкты сактоо расмийлери жаштар арасында вирус аныкталгандар көп экенин кабарлап жатышат. Биз жаштар менен кантип иштөөнүн жолун дагы бир жолу карап көрүшүбүз керек",-деди Клюге.

Бийлик өкүлдөрү жаштарды коом алдындагы жоопкерчилигин унутпоого чакырууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийлик өкүлдөрү жаштарды коом алдындагы жоопкерчилигин унутпоого чакырууда

Клюге өзү дагы эки кыздын атасы экенин, жаштар жай айын көңүлдүү өткөргүсү келерин, бирок алардын дагы жоопкерчилигин эске салып туруу зарылдыгын айтты.

"Алардын дагы өзүнүн, ата-энесинин, чоң ата, чоң энесинин алдындагы жоопкерчилиги бар",-деди ал.

Европа өлкөлөрү чек арасын кайрадан жабуу тууралуу ойлоно баштады. Анткени жаңы учурлар көбөйүп жатат. Мындай курч абал Испанияда байкалып, өзгөчө жабыр тарткан аймактарга карантин чараларын киргизди.

Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында дагы кырдаал курчуп баратканына кабатырлануулар айтылууда. Кечээ өлкөнүн премьер-министри Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жаткандыктан, аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди.

"Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн айда Ысык-Көлгө эс алуу үчүн 3 миң адам барса, июль айында - 20 күндүн аралыгында 10 миңден ашык киши барды. Эс алуучулардын арасында ооруп, дарыланып жаткандар дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан облусту, өзгөчө курорттук аймакты катуу көзөмөлдөө керек. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартылсын",-деди өкмөт башчы К.Боронов. (AbA)

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6