"Мыктыларды жоготтук": пандемия 73 медкызматкердин өмүрүн алды

Кыргызстан медкызматкерлерге вирус көп жуккан өлкөлөрдүн сабында

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан медкызматкерлерге вирус көп жуккан өлкөлөрдүн катарында
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстан пандемияда каза болгондорду эскерип, аза күтүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде 30-июлга 73 медкызматкер каза болду. Вирус жугузгандардан ар бир 13-киши медкызматкер.

Небере сүйчү учур эле

Өлкөдө коронавирустан каза болгону расмий айтылган биринчи дарыгер бишкектик 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева болуп калды.

Ал иштеген №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчи кызматындагылар илдетти жуктуруп алганын андан мурдараак жазган элек. Бөлүм башчысы Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда реанимацияда кайтыш болду.

Абысыны Гүлнура Кыштобаева ал оор учурда жумушту таштай албай турганын айткан деп эскерет.

"Баласы Максат, кызы Мээрим да мындай учурда жумушка чыкпай туруңуз деп айтты. Бирок эч кимди уккан жок. Ооруканага түшкөндөн кийин эки күндөн кийин уктук. Өзү чалып, "тез жардам менен келгемин, кийим керек" деди. Жөнөйүн деп калганда эле "келе көрбө, бул келе турган оору эмес экен, алтыным, келбе, балдарыңды да көчөгө чыгарба" деп кабар жибериптир", - деди Кыштобаева Би-Би-Сиге курган маегинде.

Жүзүмкан Көкүмбаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүзүмкан Көкүмбаева

Эки баласы, беш небереси бар эле, неберелеринин өнөрлөрүн айтып бүтүрө алчу эмес эле деп кошумчалады абысыны.

Шайыр эле, кечелердин көркү эле

Кара-Кулжа районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фтизиатр дарыгери 59 жаштагы Альберт Исмаилов бул вирус өмүрүн алган экинчи медкызматкер.

Бирок булар вирус тастыкталган жана расмий кабар берилген учурлар эле. Анткени эпидемия Кыргызстанда адеп баш көтөргөндө, апрелдин башында Сузакта психиатр дарыгер пневмониядан каза болгон. Аны Саламаттык сактоо министрлиги пневмониясы бар экен, өтө кеч кайрылыптыр деген. Анын аты-жөнү да айтылган эмес. Ал учурда өлкөдөгү абал көпчүлүк үчүн караңгы болчу. Пневмония менен Covid-19 бир эле оору экенин Саламаттык сактоо министрлиги 17-июлда гана жарыялады.

Каракулжалык дарыгер Альберт Исмаилов күчтүү фтизиатр, аябай шайыр киши болгонун кесиптеши Улан Мойдунов айтып берди.

"Бүгүн 30-июлда жаңы эле ал кишинин үйүнө барып келатабыз. Ал каза болгон учурда карантин эрежелерине ылайык кесиптештер барган эмеспиз. Аябай адамгерчиликтүү, шайыр киши эле. Иш-чараларыбыздын көбүндө алып баруучу болот эле. Өзү күчтүү адис болчу. Облустук деңгээлдеги фтизиатр эле десем болот. Ош шаарында илгери үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун жетектегенин айтканы бар. Кара-Кулжада кургак учукту дарылаган диспансерди жетектеген. Кийин ал жоюлуп кеткенде биздин ооруканада фитизиатр дарыгер болуп, район боюнча бардык өпкө ооруларды ушу киши карады", - деди 13 жыл бирге иштеген кесиптеши.

Альберт Исмаилов Кара-Кулжанын жалгыз фтизиатры эле

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Альберт Исмаилов Кара-Кулжанын жалгыз фтизиатры эле

Анын айтымында, пандемия учурунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтаптарды мурдагыдай шартта эле кабыл алып жатышты.

"Кайдагы коргоочу кийим? Мурдагыдай эле бир беткап менен иштеп жатты. Жөтөлгөндүн, чүчкүргөндүн баары ушул кишиге келчү", - деди Мойдунов.

Бул үч учур өлкөдө коронавирус эпидемиясынын башындагы гана курмандыктар экени кийин түшүнүктүү болду. Июлдун башынан бери өлүм саны кескин өстү. Анын ичинде медкызматкерлер аз эмес.

Жумушунда мыкты эле

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кардиологу Шухрат Шакиров 57 жашында 28-июль күнү каза болгонун кесиптештери билдирди.

Жогорку категориядагы дарыгер, өз ишин мыкты билген кардиолог Шакиров үч уул, бир кыздын атасы эле деп эскерет 30 жыл бирге иштеген кесиптеши Илмира Ташматова.

"Биз коронавирус менен иштеген эмеспиз. Бирок оорусун билбеген бизге канча бейтап келип жатат. Кандай шартта жукканын айтыш дагы кыйын. "Мен ушул жерде, ушундай шартта бейтапды көрөм, болду" деп коё албайбыз. Бизге бейтаптар кайда болбосун, күнү-түнү кайрыла берет. Өзүнүн кант диабети да бар эле. Акыркы эки апта жумушка келген эмес, ооруканада болчу", - деди Ташматова.

Шухрат Шакиров 28-июлда каза болду

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шухрат Шакиров 28-июлда каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 73 медкызматкер кайтыш болду, алардын 44ү дарыгер. Бул тизмеге саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык кызматкерлер кирди.

Кыргызстан боюнча вирус менен ооругандардын ар бир 13-сү медкызматкер.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 30-июлга карата вируска кабылган медкызматкерлердин саны 2743гө жетти, алардын 1664ү айыкты.

Медкызматкерлердин вирус жугузуу себеби иликтенип бүтө элек

Эпидемия башында медкызматкерлерге коргонуучу каражаттар жетишсиз болгону айтылган. Бирок алардын вирусту жугузуусу азыр да азайган жок. Айрым байкоочулар жана медкызматкерлер өздөрү күрөшкө даярдалбай туруп "фронтко" жөнөтүлгөнүн айтышууда. Окутуулар жеткиликтүү жана сапаттуу болгон эмес. Вирус көп жайылгандан бери очокторунда санитардык-эпидемилогиялык шарттар талапка жараша түзүлгөн жок, дешет алар. Стационарларда башаламан экенин көрсөткөн видеолор коомдук тармактарга тынымсыз чыгып жатты.

Акыркы саналуу күнддөрдө ооруну жугузгандар айыгып чыккандардан азыраак болууда.

"Эгер вирус азайып жаткан болсо - бул биздин дарыгерлердин гана күчү менен болууда", - деди медицина өкүлү Бермет Барыктабасова.

"Социалдык өнүктүрүү институту" фондунун башчысы, эпидемиолог Айжан Соодонбекова чыныгы жоготуулар расмий эсептерден кеминде беш эсе көп экенин айтат.

Өкмөт жумушта вирус жугузган медкызматкерлерге 200 миң, ал эми илдеттен каза болгондорго 1 млн сом кенемте берүүнү убада кылган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыктары чыга элек.

Министрлик 41 медкызматкерге кенемте бергенин билдирген. Андан бери маалымат жаңылана элек.