Ыктыярчылардын коопсуздугуна ким жооп берет?

Сүрөттүн булагы, Social Media/Aidana Otorbaeva
Медициналык академиянын студенти, 22 жаштагы студент Адинай Мурзабекова "кызыл зонада" иштеп жатып каза болду. Ыктыярчыларга баш-көз болгон бирөө барбы? Алардын коопсуздугу кантип сакталып жатат?
Адинай коронавирус эпидемиясы күчөгөндөн кийин ооруканаларга жардамга барган ыктыярчылардын бири эле. Анын курбуларынын айтымында, Адинайдан коронавирустун же башка эч кандай оору байкалган эмес. Опурталдуу жерге келип иштеп жатканына 11 күн болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, анда эки тараптуу пневмония аныкталды. Расмийлер мындан башка маалымат кошумчалай элек.
"Ыктыярчылык менин жашоомдогу эң оор, бирок эң туура чечим болду көрүнөт. Канчалык тобокелчиликке барып жатканымды аныктаганга эки күн кетти", - деп ыктыярчынын каза болгону кабарланган күнү "Фейсбуктагы" баракчасына дагы бир ыктыярчы Мирзада Майчинова жазды.
"Мунун баары сиз үйдө отурмайынча бүтпөйт, - дейт Майчинова, - Эгер аралыкты сактасак эпидемиядан батыраак чыгабыз. Ооруканада туугандары бейтап менен эч кандай костюму жок байланышып, көчөгө чыгып кетишет, маршруткада же таксиде жүрөт, үйүнө барат жана вирусту андан ары жугузат. Бир гана үйдө отуруп, конок чакырбай сактана аласыз".
Абал оорлошкондон кийин өлкөдө ыктыярчылардан турган топтор медкызматкерлерге тамак-аш ташып, дары-дармек таап, жабдыктарды жасап, айрымдары ушинтип бейтаптар жаткан жерде иштеп жатышат. Ушу тапта бир канча ыктыярчы топ бар.

Сүрөттүн булагы, Social Media/Aidana Otorbaeva
Бишкектеги стационарда жууп, тазалап, бейтаптарды бөлүштүрүп, медкызматкерлерге керектүү нерселерди ташып жардам берип жаткан топтун ыктыярчысы Кудайберген Айдарбековдун айтымында, коопсуздук эрежелерин өздөрү түзүп, өздөрү сактаганга аракет кылышат.
"Ыктыярчыларды жашына жана ден-соолугун сурап карап кабыл алышат. Башындагыдан айырмаланып, азыр жаш курактын чегин 21-22 жаштан жогору болсун деп көтөрдүк. Коопсуздук эрежелерин үйрөндүк, бирок кайсы жерге барганыңа көз каранды. Мисалы, Улуттук госпиталда кызыл зонага кирип баратканда медайым көзөмөл алдында коргоочу кийимдерди кийгизип, антисептиктен көп чачты, чыгып баратканда чечиндирди. Ал эми башка жерлерде мунун баарын өз алдынча кыласың, бирок ыктыярчыларга дайыма эстетип турабыз", - деди Айдарбеков.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Айдарбеков негизги эки эрежеси бар экенин айтты - пайда алып келүү жана адамдар менен байланышпоо, бирок дайыма эле байланышпоо мүмкүн эместигин белгиледи. Алар түнөп жаткан хостелде, стационарларда жана бейтапканаларда жүрөт. Башка эч жерге барбайт, үй-бүлөсү менен көрүшпөйт.
Бирок бул бир ыктыярчы топтун уюшуусу. Алардын катарына кошулам дегендерди өздөрү маек куруп, сураштырып алышат.
"Биз өзүбүз чогулганбыз. Бизди эч ким көзөмөлдөбөйт. Бизге өкмөттөн же башка коомдук уюмдардан кайрылышкан жок. Тамак-аш ташуу сыяктуу иштерди уюштуруу үчүн гана айрым уюмдар менен байланышыбыз бар, анткени бир жумушту баарыбыз кайталап албайлы дейбиз", - деди ыктыярчы.
Жаштар "кызыл зонага" өз алдынча чогулуп барышканын, киши жетишпегендиктен алардын жардамын медкызматкерлер дароо эле кабыл алганын ыктыярчылар буга чейин да Би-Би-Сиге айтышкан.

Сүрөттүн булагы, Social Media/Aidana Otorbaeva
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, Кыргызстанда ыктыярчылар тууралуу мыйзам жок.
"Андай мыйзам бизде жок. Негизи "кызыл зонада" ыктыярчылар иштебеш керек. Аларды ошол жердеги дарыгерлер караш керек эле. Ыктыярчылар үчүн оорукананын же стационардын жетекчиси жооптуу болуш керек. Ыктыярчылар кимдир бирөөгө "өзүмө жооп берем, өзүм жоопкерчилик алам" деп макулдугун бериш керек", - деди Бекешев.
Кыргызстанда эпидемиялык абал курчугандан кийин медициналык кызматкерлер жетишпей, ыктыярчылар жардамга келген. Ал эми ординаторлорду, медициналык билими бар адистерди өкмөт башчы чакырып келатат.












