Коронавирустан көз жумгандар миңден ашты. Биз билбеген жагдай кайсы?

Сүрөттүн булагы, EPA
Шейшембиде расмий түрдө COVID-19 деген аталыш алган жаңы коронавирустан көз жумгандар миңден ашты.
Жекшемби күнү инфекцияны жуктургандар саны (2676 жаңы учур) бир аз жайлап калганы айтылган эле. Бирок дүйшөмбүдө кайра күчөдү (3085 учур).
"Учурда маалымат каражаттарынын, каржы базарынын жана саясатчылардын көңүл борборунда туруп жаткан вирус тууралуу эки ай мурун бизге эч нерсе белгисиз болчу",-деп моюнуна алды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебреисус.
Ошондой эле ал көп суроолорго так жооп жок деп айтты.
"Оорунун очоктору кайсыл жерде? Анын жугуу динамикасы кандай? Бейтап канча убакытка чейин вирусту алып жүрөт? Диагностика жана дарылоо үчүн кандай үлгүсүн (вирустун) колдонуу керек? Илдеттин оор түрү менен кантип күрөшүү зарыл? Бул вирусту жеңүү үчүн ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго жооп керек",-деди башкы директор.
- Коронавирус: Каза тапкандар көрсөткүчү жогорулап жатат
- Коронавирус тууралуу биринчи болуп айтып чыккан дарыгер көз жумду
- Глобалдык каатчылыктын карааны: Коронавирус дүйнөлүк экономиканы эңшереби?
- Эпидемиянын масштабы: Коронавируска чалдыккандардын так көрсөткүчү кандай?
- Ухань: "Абам өлдү, атам өлүм алдында. Мындан ары кандай болот?"

Сүрөттүн булагы, Reuters
Инфекциянын вакцинасы табыла элек. Ошондуктан дүйнөдөгү 400дөн ашуун окумуштуу Женевада эки күндүк илимий конференцияга чогулду. Алардын көпчүлүгү, анын ичинде кытайлык делегация видео байланыш аркылуу катышууда.
Болжолдуу эсептөөлөргө караганда, COVID-19 вакцинасын табуу үчүн бир жарым жыл сарпталат. Бул мезгил аралыгында вирустан сактануу үчүн элементардык гигиена каражаттарын: колду тынбай самындап жууп туруу, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө оозду бет арчы менен жабуу, алакан менен жапкан кайра вирустун тарашын шарттайт. Атайын бет кап тагынып жүрүү.
Колду туура жууп жүрүү кандай гана инфекция болбосун алдын алат. Анын ичинде коронавирустан дагы сактанууга жардам берет.
Азырынча инфекцияны Кытайдын өзүндө кармап турууга мүмкүн болуп жатат. Оору жуктургандардын 99 пайызы ушул өлкөдө. Кытайдан сырткары өлкөлөрдөн ооруну жуктурган 470 учур катталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Мындай кырдаал көпкө чейин кармалып турат (бир өлкөнүн аймагында) деп ойлобойм. Ошондуктан биз азыркы жаралган мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек. Эгерде муну кыла албасак, анда анын куну чоң болот",-деди ДСУ жетекчиси Гебреисус.
Түштүк Кореяда вирус жуктурган 28-учур катталды. АКШда он үч кишиге жуккан бойдон тараган жок. Ал ортодо Украина Уханда калган жарандарын эвакуациялоого киришти. Биринчи каттам менен 50 киши жөнөтүлөт. Алар дароо эле эки апталык мөөнөттө карантинде кармала турганы айтылды.
Жекшембиде коронавирустан бир күндө 97 киши көз жумду. Буга чейин мындай көрсөткүч болгон эмес. Жоготуулар 2003-жылдагы SARS эпидемиясынан ашып түштү дейт адистер. Бирок инфекциянын жаңы жуккан учурлары стабилдешип калганы айтылууда. (AbA)







