Орусия менен Түркия аскерлери Сирия чек арасын кантип көзөмөлдөйт?

Сүрөттүн булагы, TASS/ SERGEI NOVIKOV
Орусиянын аскердик полиция бөлүктөрү Сириянын чек ара аймагындагы Манбиж жана Кобани шаарларына келди. Түркия менен Сирия ортосундагы чек араны кайтарууга орус тарап өзүнүн аскер полиция бөлүктөрүн тартууда. Ошондой эле аймакка сириялык чек арачылар дагы жөнөп кеткен.
Түркия менен Орусия ортосундагы жетишилген келишимге ылайык, эки тараптын аскерлери чек арадагы 10 чакырымга созулган атайын аныкталган тилкени биргелешип кайтарат. Эки тараптуу макулдашууга ылайык Сириядагы күрд кошуундары 150 сааттын ичинде Сирия-Түркия чек арасынан 32 чакырым чыгып кетиши керек.
Түркия менен чек арадагы 15 бекетке Сириянын чек арачылары жайгашып, бирок көзөмөлдү орус аскерлери менен биргеликте жүргүзмөк болду.

Сүрөттүн булагы, Mikhail Metzel/TASS
Чек араны биргелешип көзөмөлдөй турган аскер бөлүктөрүнүн саны айтылган жок. Сирия аймагында канча орус аскери бар экени белгисиз.
Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Михаил Магид Би-Би-Сиге берген интервьюсунда келишимде бүдөмүк жагдайлар бар экенин белгиледи.
"Биринчиден, бул биргелешкен көзөмөл кандайча жүргүзүлө турганы так көрсөтүлгөн эмес. Орусиялык жана сириялык аскер күчтөрү күрд кошуундарынынын чыгып кетүүсүн кантип камсыздай турганы дагы түшүнүксүз",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, TASS
Анын айтымында, чөлкөмдө ар башка максатты көздөгөн күчтөр аракеттенүүдө. Тагыраагы, дал ушул чек ара аймагындагы кызыкчылыктар ар башка болуп жатат.
"Түркиянын өзүнчө кызыкчылыгы бар, экинчи жагынан ирандыктар, Асад жана Орусия. Түркия өзүнүн жана өзү колдогон күчтөрдүн таасирин артырууну каалайт. Асад, ирандыктар жана Орусия мындай күчтөргө каршы согушуп жатат",-деп эксперт.
"Тынчтык булагы" операциясы
Мындан он күн мурун Түркия чек ара сызыгын кесип өтүп, Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик операция баштаган. Түркия "Тынчтык булагы" операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айткан. Түркия өз аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды ушул тилкелерге жайгаштыруу планын билдирген эле.

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.
Күрд кошуундары өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.
Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алышкан. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды.
Түрк армиясынан коргонуу үчүн АКШнын мурдакы союздашы болгон күрд кошуундары Дамаск менен Москвадан көмөк сураган. Саясат талдоочулар муну Башар Асад менен Владимир Путиндин жеңиши катары баалаган эле. (AbA)








