Анкара: Күрд кошуундары шартты аткарбаса, чабуул уланат

Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочиде жолугушат.

Эрдоган менен Путин Анкарадагы сентябрдагы жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мунун алдында Эрдоган эгерде убактылуу ок атышпоонун шарттарын Күрд кошуундары аткарбаса, шейшембиде түрк армиясы сириялык союздаштары менен кайрадан чабуулду уланта турганын билдирген.

Түркия чабуулун токтоткону тууралуу билдирүүсүн өткөн аптада жасаган. Анкара "коопсуз тилке" аталган аймактан күрд кошуундарын чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтууда.

АКШ менен ЕБ Түркияны сириялык күрддөр менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үндөп жатат.

Жума күнү эл аралык уюмдар түрк операциясы маалында каза тапкан жайкын тургундар саны 86 кишиге жеткенин айтып чыкты.

Түркиянын операциясы башталгандан бери 160 миңден 300 миңге чейинки тургундар үйлөрүн таштап чыгууга аргасыз болду.

Операция учурунда аскер кылмыштарына дагы жол берилиши мүмкүн деген тынчсыздануулар айтылган. Amnesty International уюму буга далилдери бар экенин айтууда. БУУ түрк бийлигин бул айыптоо боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Айрым такталбаган маалыматтарда химиялык курал колдонулган деген айыптоолор айтылып жатат.

Чабуулду убактылуу токтотуу тууралуу чара - Анкарада өткөн президент Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Майк Пенстин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы болду. Бирок ок атышуу токтогондон кийин дагы күрд тарап Түркиянын аба күчтөрү жана артиллериясынын чабуулу уланганын билдирди. Түркия муну четке кагууда.

Түркиянын операциясы башталгандан бери 160 миңден 300 миңге чейинки тургундар үйлөрүн таштап чыгууга аргасыз болду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын операциясы башталгандан бери 160 миңден 300 миңге чейинки тургундар үйлөрүн таштап чыгууга аргасыз болду

"Тынчтык булагы" операциясы

Мындан он күн мурун Түркия чек ара сызыгын кесип өтүп, Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик операция баштаган. Түркия "Тынчтык булагы" операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айткан. Түркия өз аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды ушул тилкелерге жайгаштыруу планын билдирген эле.

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Сирия карта

Күрд кошуундары өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алышкан. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды.

Түрк армиясынан коргонуу үчүн АКШнын мурдакы союздашы болгон күрд кошуундары Дамаск менен Москвадан көмөк сураган. Саясат талдоочулар муну Башар Асад менен Владимир Путиндин жеңиши катары баалаган эле. (AbA)