АКШ Анкараны Сириядагы согуштук операцияны убактылуу токтотууга көндүрдү

АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине чабуулду убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишти. Вице-президент Майк Пенс Анкара согуштук аракетти беш күнгө токтоторун, ал убакта күрд кошуундары чек арадагы буфердик зонадан чыгарын билдирди.

Майк Пенс Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган менен беш сааттык сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган чечимди жарыялады. Анын айтымында, түрктөр беш күнгө согуштук операцияны токтотот, ал убакта Түркия менен Сириянын чек арасындагы "коопсуз зоналардан" күрд күчтөрүн чыгып кетиши керек.

Эгер күрд кошуундары план боюнча чыгып кетсе, Түркия туруктуу жарашууга барат, ал эми АКШ Анкара салган санкцияларын кайтарып алат.

Пенс америкалык делегация кан төгүүнү токтотуу максатына жетти деп айтты:

"Бул чечимбиз өмүрдү сактоо жөнүндө. Келишим кан төгүүнү токтотот, президент Трамп бизди бул жакка ушул үчүн жиберген".

АКШ Түркиянын согуштук операцияны убактылуу токтотууга көндүрдү

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES

Бул кандуу казаттагы тыныгуу гана, бирок партиялаштарынан катуу тил угуп жаткан президент Трамп дароо эле жеңишин жарыялап жиберди. Депутаттар аны күрд союздаштарды жолго таштап, Сириянын түндүгүнөн америкалык аскерлерди чыгарып, Түркиянын кол салуусуна жол ачты деп айыпташууда.

Бирок, көп аналитиктер бул келишимди Эрдогандын жеңиши катарында карашууда, анткени ал көздөгөн максатынын көбүнө жетип жатат. Эн оболу, коопсуз зона күрддөрдүн куралдуу күчтөрүнөн тазалангандан кийин аны түрк аскери көзөмөлдөгөн жатат.

Күрд командири ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алганын билдирди, бирок согуш катуу болуп жаткан райондор жөнүндө гана айтты, бүтүндөй зона жөнүндө сөз жок.

Чынында эле, бул келишим канчалык аткарылат, айтыш кыйын. Себеби күрд жетекчилиги жана региондогу башка күчтөр - Сирия менен Орусиянын өкмөттөрү - сүйлөшүүгө катышкан жок. (КС)