Ак үйдүн кожоюндары Эрдоганды тизгиндөөгө аракет кылууда

Сириядагы окуялардан улам АКШ Түркияга карата санкция киргизди. Мындай жарлыкка президент Дональд Трамп дүйшөмбүдө кечинде кол койду.

Реджеп Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Санкцияга Коргоо жана Энергетика министрликтери илинген. Ошондой эле башкаруучу "Акыйкат" партиясынын төрага орун басары Сулейман Сойлуга санкция салынды.

АКШ санкция аркылуу Анкарага басым кылып, Сириянын түндүк-чыгышындагы чабуулду токтотууга үндөп жатат. "Түркия чабуулду токтотуп, чукул арада ок атышпоо тууралуу келишимге келүүсү керек",-деди мамлекеттик катчы Майк Помпео.

Ушул эле күнү Дональд Трамп менен Реджеп Тайып Эрдоган ортосунда телефон сүйлөшүүсү болгон. Ак үй жакынкы күндөрдө Анкарага америкалык делегация жөнөтө турганын кабарлады. Аны Пенс жетектейт деген маалыматтар бар.

"Азыркы учурда түрк экономикасынын алсыз болуп турганын эске алганда, бүгүнкү аракет олуттуу. Бирок биз сүйлөшүүлөр аркылуу маселени чечүүгө умтулабыз. Ошондуктан президент атайын делегацияны Анкарага жөнөтүүдө",-деди Трамптын администрациясынын өкүлү.

Түркия операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айтылган. Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Сирия карта

Күрд кошуундары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп өткөн апта соңунда Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алып чыгышты. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды. (AbA)