Асаддын күчтөрү Түркия операция өткөргөн аймакка жөнөтүлдү

столкновения происходят на севере Сирии

Сүрөттүн булагы, AFP

Сирия армиясы өлкө түндүгүнө жөнөтүлдү. Басылмалар күрд кошуундары Дамаск менен расмий келишимге жетишкенин жазууда. Ага ылайык, Сириянын армиясы өлкө түндүгүндөгү чек ара тилкесине жайгашат.

Бул аймакта Түркия күрд кошуундарына каршы операция баштаган. Буга чейин сириялык армия менен түрк күчтөрү түз жаңжалга барган эмес эле.

Сирия күчтөрүнүн өлкө түндүгүнө жөнөтүлөрүн алгачкылардан болуп САНА агенттиги кабарлады.

"Түркиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Сирия армиясынын бөлүктөрү өлкө түндүгүнө жөнөп кетти",-деп жазды мамлекеттик басылма.

Күрд лидерлеринин айтымында, Асаддын күчтөрү чек арага жайгашып, "түрк агрессиясына каршы турууга" көмөктөшөт.

12-октябрда күрд генералдарынын бири Мазлум Кобани Абди АКШ бийлигине кайрылып, эгерде аскер күчтөрүн чыгарып кетсе, күрддөр "Орусия менен келишим" түзөрүн билдирди.

"Силер менин элимди коргоп калууга, бул бомбалоону токтотууга эркиңер жетеби? Мен ошону билгим келет. Анткени бул колуңардан келбесе, анда режим менен, Орусия менен келишим түзүүгө аргасыз болобуз. Алар бизди коргоп калыш үчүн учактарын алдырууга мажбурбуз",-деди күрд генералы.

Жекшембиде "Рейтер" агенттиги күрд лидерлери менен Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү Хмеймим базасында сүйлөшүү жүргүзгөнүн кабарлады. Бул жерде орусиялык база жайгашкан.

Al Mayadeen телеканалы сириялык армия 48 сааттын ичинде күрддөр көзөмөлдөгөн Манбиж жана Кобани шаарларына жайгашарын маалымдады. Сириялык күчтөрдүн саны тууралуу маалыматтар айтылган жок.

турецкий танк в Телль-Абьяд

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Гуманитардык кырдаал

Түркия бийлиги аскер объектилерине гана сокку уруп жатканын айтууда. Бирок күрддөр жайкын тургундар жапа чегип жатканынын билдирди. Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия мониторинг борборунун маалыматында, операция башталган беш күн ичинде кеминде 26 жайкын тургун мүрт кетти.

БУУнун эсеби боюнча операция башталгандан бери 130 миң чамалуу киши үйүн таштап чыгып кетти. Эл аралык уюмдар эгерде жакынкы күндөрдө операция токтотулбаса, жаңы гуманитардык кризис болорун эскертти.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" (SDF) маалыматы боюнча күрд кошуундары 56 жоокерин жоготту. Түрк бийлиги болсо 440 күрд аскерин жок кылганын айтууда. Өздөрү тараптан төрт аскер өлгөнүн ырасташты. Ал эми Түркиянын түштүгүндө 18 жайкын тургун окко учту, арасында сириялык ымыркай дагы бар эле, деди түрк тарап.

Сирия карта

Айн-Исса лагеринен качкандар

Жекшембиде Сирия түндүгүндөгү Айн-Исса лагеринен "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин жакындарынан жүздөгөн кишилер качып кетишкен. Сириядагы күрддөр буга чейин согушкерлер кармалып турган лагерь менен абак жайларын кармап турууга чамасы жетпей турганын эскерткен.

Лагерден болжолу жүздөй киши качып кетиши мүмкүн деген маалымат бар. Күрд бийлиги "ИМ" тобуна тиешелүү 800 чамалуу киши качып кеткенин кабарлады. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган абактан качкандар тууралуу маалыматты жалган деп атады.

Айн-Иссадагы лагерде он эки миң чамалуу киши бар. Алардын "ИМ" тобуна байланышы бар делгендери миң чамалуу аялдар жана балдар. Күрд тарап лагерь азыр кайтаруусуз экенин айтты.

Сириядагы жети абак жайында "ИМ" тобуна байланышы болушу мүмкүн делген 12 миң киши бар. Алардын кеминде төрт миңи чет өлкөлүктөр. Абак жайлардын кайсыл аймакта экенин ачык айтышпайт. Айрым маалыматтарда алар Түркия менен чек арага жайкын жерде деп айтылат.

Реакциялар

Берлиндеги түрк операциясына каршы акция

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берлиндеги түрк операциясына каршы акция

Ишембиде Франция Түркияга болгон курал-жарак экспортун толук токтото турганын жарыялады. Германия бийлиги болсо НАТОдогу союздашы болгон Түркияга курал сатуунун кыскарта турганын жарыялады.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон түрк президенти Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүндө "бул операция "ИМ" тобуна каршы күрөштү жокко чыгарып коюшу мүмкүн" экенин эскерткен.

Америка бийлиги жекшембиде билдирүү жасап, Сириядагы калган аскер күчтөрүн толук чыгара турганын айтты. Президент Трамп эгер зарыл болсо Түркияга каршы санкция киргизүүгө даяр экенин айтты.

Дем алыш күндөрү Европанын шаарларында, анын ичинде Париж, Лондон жана Берлинде, миңдеген кишилер түрк аскерлеринин чабуулуна каршы митингге чыгышты.

Түркия операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айтылган. Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Күрд кошуундары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп өткөн апта соңунда Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алып чыгышты. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды. (AbA)