Түркия от менен ойноп жатабы?

Күрддөр көзөмөлдөгөн Сириянын түндүк аймагындагы Түркиянын аскердик операциясы уланууда. Аймактан он миңдеген кишилер качып чыкты.

Аль-Холдогу лагерде эле 70 миңдей киши бар. Алардын көбү аялдар жана балдар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аль-Холдогу лагерде эле 70 миңдей киши бар. Алардын көбү аялдар жана балдар

Түрк аскерлери чек ара тилкесиндеги сириялык Рас-аль-Аин жана Таль-Абйад шаарларын курчоого алды. Гуманитардык жардам боюнча эл аралык агенттик качкындар саны 100 миңге жетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Көптөгөн дүйнө лидерлери Түркияны аскер операциясын токтотууга чакырып жатат.

Операциянын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деген түрк расмийлери. Бул аймакка учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу пландалууда.

Түрк бийлиги операциянын башталышында экстремисттик топтун жүзгө чукул согушкери өлтүрүлгөнү кабарлады. Күрд кошуундары жайкын тургундардын тогузу окко учканын айтты.

Күрд элдик кошуундары Түркиянын чек арадагы бир нече шаарын артиллериялык аткылоого алды.

Европа лидерлери тарабынан айтылган сындар президент Режеп Тайип Эрдоган ачуулантты. Ал азыр Түркия аймагында турган сириялык качкындарды Европага жөнөтөм деп опузалады.Түркиядагы качкындар саны 3,6 млн чамалуу.

Камактагы террорчуларга эмне болот?

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" (SDF) өкүлдөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна катыштыгы болгон деп, 12 миң кишини абакта кармап турушканын айтты. Кеминде төрт миңдей киши чет элден келгендер. Абактардын бир бөлүгү Түркия менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

Камактагылардын үй-бүлөсү үч лагерде - Рож, Айн-Исса жана Аль-Холдо кармалып турат.

Сирия карта

Түрк президенти Эрдоган операциянын алдында "Твиттер" баракчасына "түштүктөгү чек арасында террорчуларга түзүлгөн корридорду бууп, регионго тынчтык орнотуу" ниетинде экенин жазган эле.

Түрк учактары Рас-эль-Айн шаарына сокку урду. Ошондой эле бир катар калктуу конуштар бутага алынган. Күрд кошуундары калктуу конуштарга сокку урулганын ырастады.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" ( SDF) өкүлү Мустафа Бали регион катуу дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирди.

Түрк учактары Рас-эль-Айн шаарына сокку урду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сирия оппозициясынын маалымат агенттиги шаршембиде кечинде алты калктуу конушта кагылышуулар болгонун жазды. Чек ара тилкесинен кишилер туш тарапка качып жөнөгөн. Эл аралык уюмдар аймактагы качкындар лагерлеринде баш калкалап жаткан он миңдеген кишилердин тагдырына кабатырлануусун билдирди.

Мустафа Бали регион катуу дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мустафа Бали регион катуу дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирди

Сирия түндүгүндө аз сандагы америкалык аскерлер бар эле. Өздөрүн "Ислам мамлекети" жеп атаган экстремисттик тобу менен күрөштө күрд кошуундары коалицияга жана сириялык оппозицияга чоң жардам кылышкан.

Бирок түркиялык чабуулдун алдында президент Дональд Трамп региондон АКШ аскерлерин чыгарып кетүү чечимин кабыл алды. Күрд кошуундары АКШнын аракетин кескин сындап чыкты. Муну "арттан урулган сокку" катары айыпташты. Башында АКШ президенти Дональд Трамп түркиялыктарга жашыл жарык жакканы менен, операция башталгандан кийин муну "өтө жаман идея" деп айтты. Дональд Трамп "эгерде Анкара чектен чыкса, түрк экономикасын кыйратам" деген.

Европа комиссиясы Түркияга кайрылып, операцияны токтотууга чакырды.

Түркия жана күрд кошуундары

Күрд элдик кошуундары

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күрд элдик кошуундары

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген . Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Күрддөр Сирия түндүгүндө аскер туткундарынын лагерлерин көзөмөлдөйт. Бул жерде "ИМ" экстремисттик тобунун мурдакы жоочулары жана алардын үй бүлө мүчөлөрү кармалып турат. Түркиянын соккусунан кийин мурдакы жоочулар лагерден качып кетиши мүмкүн деген чочулоо бар. (AbA)