Эрдоган ыргытып жиберген Трамптын каты: "Акмак болбо!"

Трамп, Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШ президенти Дональд Трамптын түрк лидери Режеп Тайип Эрдоганга жазган каты тууралуу Би-Би-Синин Түрк кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты.

Булактар кат Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында жазылганын, бирок аны Эрдоган окуп туруп, ыргытып жибергенин айтып жатышат.

9-октябрда Ак үй жөнөткөн каттын тексти бир аптадан кийин ачыкка чыгып кеткен. Америкалык Эн-би-си телеканалына АКШ расмийлери ачыкка чыгып кеткен текстти жасалма, ойдон чыгарылган деп ырасташкан эле.

Катта Дональд Трамп: "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз кандуу булоон жана миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп башталат кат.

Соңунда Трамп "Акмак болбо! Кийинчерек чалам" деп бүтүрөт катын.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Анкарадагы маалымат булагы кат түрк президентине жетип, Эрдоган аны окугандан кийин "таштандыга" ыргытып жибергенин Би-Би-Синин Түрк кызматына айтып беришкен.

Каттын жообу Эрдогандын Сириядагы "Тынчтык булагы" операциясын баштоо тууралуу буйругу болду.

Президенттин каты тууралуу биринчилерден болуп, Fox телекомпаниясынын журналистти Триш Риган "Твиттер" баракчасына жазып чыккан. Аны Ак үй жасалма кат деп, четке каккан.

Фотокопия письма

Өткөн аптада Түркия чек ара сызыгын кесип өтүп, Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик операция баштады. Түркия "Тынчтык булагы" операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айткан. Бул аймакка учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу пландалууда.

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Күрд кошуундары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп өткөн апта соңунда Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алышты. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды.

Түрк армиясынан коргонуу үчүн АКШнын мурдакы союздашы болгон күрд кошуундары Дамаск менен Москвадан көмөк сурады. Саясат талдоочулар муну Башар Асад менен Владимир Путиндин жеңиши катары баалады.(AbA)