Эрдоган: Санкция бизди коркута албайт

Видеонун түшүндүрмөсү, Сириянын армиясы Айн-Исса шаарына кирди

Сириянын армиясы Түркия менен чек арадагы Манбиж шаарын ээледи. Буга чейин бул жерде АКШнын аскер базасы бар эле. Бүгүн Түркия менен Сирия чек арасындагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат. Жыйын уюмдун европалык беш мүчөсүнүн демилгеси менен өтүүдө.

Манбиж шаарын күрд кошуундары көзөмөлдөп келген. Эми чек арадагы коопсуз тилке ушул аймактан өтөт. Орусиялык аскер полициясы кагылышууларга жол бербеш үчүн шаарды өз көзөмөлүнө алганы айтылды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирүү жасап, Анкара сириялык армиянын Манбиж шаарын көзөмөлдөгөнүнө каршы эместигин айтты. Эң башкысы шаарды күрд кошуундарынан тазалоо керектигин Эрдоган Азербайжанга иш сапары менен баратып, учакта журналисттерге берген маегинде айтты.

"Урматтуу Путинге [Орусия президенти] дагы ушул эле сөздү айткамын. Эгерде Манбижди террорчулардан тазалагыңар келсе, каршылык жок. Силерби же режимби, муну камсыздасын".

Реджеп Эрдоган и Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акыркы жолу Эрдоган Сирия маселесин талкуулоо үчүн Москвага август этегинде келген

Азербайжан баш калаасы Бакуда түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышкан Эрдоган түрк мамлекеттерине терроризм менен күрөштө анын өлкөсүнө тилектештик көрсөтүү чакырыгы менен кайрылуу жасады.

"Мен силерди терроризм менен күрөш маселесинде колдоо жана тилектештик көрсөтүүнү сурангым келет. Бизге колдоо көрсөткөн түрк тилдүү мамлекеттерге ыраазылык билдирем",-деди Эрдоган.

Эрдоган Түркия Сирия аймагында согуштук операция убагында бир миң чарчы километр жерди террорчулардын бошотконун билдирди.

Түрк кеңешине Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан кирет. Венгрия байкоочу макамында катышты.

Көп өтпөй Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши "Тынчтык булагы" операциясын колдоду деген маалымат таратты.

Пустые строения в пустыне

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таль-Аркамдагы база - АКШ аскерлери таштап чыгып кеткен жайлардын бири

Мунун алдында Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Орус президенти Эрдоганды жакынкы күндөрдө Москвага келип кетүүгө чакырган. Түрк тарап чакырууну кабыл алган. Бирок ага чейин Анкарага АКШ вице-президенти Майк Пенс жана мамлекеттик катчы Майк Помпео башында турган америкалык чоң делегация келет. АКШ Түркиянын операциясын токтотууга аракет кылууда.

Америкалык делегация келердин алдында Түркияга АКШ тарабынан бир катар санкциялар салынды. Вашингтон жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр экенин көрсөттү. Эрдоган болсо америкалык санкцияларга карабастан, Сириядагы операциясын уланта турганын билдирди. Санкциялар Түркияны тынчсыздандырбайт, деди түрк президенти.

"Операция максатына жетмейин улантыла берет. Санкция боюнча биз тынчсызданган жерибиз жок. Биздин максат - террорчуларды чек арадан 32 чакырымга чейин сүрүп салуу",-деди ал.

Бүгүн Түркия менен Сирия чек арасындагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулат. Жыйын уюмдун европалык беш мүчөсүнүн демилгеси менен өтүүдө.

Түркия "Тынчтык булагы" операциясынын негизги максаты - күрд кошуундарын Сириянын түндүк райондорунан сүрүп чыгып, "коопсуз тилкени" түзүү деп айтылган. Бул аймакка учурда Түркия аймагында турган эки миллионго чукул сириялык качкындарды жайгаштыруу пландалууда.

Сирия карта

Сирия түндүгүндөгү күрд кошуундарын Түркия өзүнүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч катары көрөт. Түрк бийлиги аларды Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. Бирок сириялык күрддөр бул айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Күрд кошуундары "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болду. Бирок президент Дональд Трамп өткөн апта соңунда Сирия түндүгүндөгү күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамп өз чечимин администрациясы менен дагы кеңешкен эмес. Ошондуктан муну демократтар дагы, республикачылар дагы сынга алып чыгышты. Ал эми күрддөр Трамптын кадамын "арттан урулган сокку" катары кабыл алды. (AbA)