Трамп: Орусия менен ракеталар боюнча жаңы келишим түзөбүз

US President Donald Trump talks to reporters on the South Lawn of the White House

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Трамп ракеталар боюнча жаңы келишим түзүүгө Орусия менен Кытай "даяр" деп билдирди

АКШнын президенти Трамп СССР менен жетишилген орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимдин оордуна жаңы макулдашуу түзүүнү көздөп турганын белгиледи. Бул келишимге Орусиядан тышкары Кытай дагы кошулмакчы.

Президент Трамп Орусия менен Кытайдын лидерлери менен бул тууралуу сөз кылганын, алар "даяр экенин" айтканын белгиледи.

"Кытай менен Орусия жаңы келишимге даяр. Менимче, мунаса табылып, макулдашуу түзөбүз",-деди Трамп.

АКШ жума күнү "кансыз согуш" доорунда кол коюлган келишимден баш тарткан. Талдоочулар бул кадам кайрадан "жарыша куралданууга" түрткү болушу мүмкүн экенин айтууда.

Putin and Trump in 2017

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын президенти Путин менен АКШнын лидери Трамп

АКШ менен НАТО жаңы муундагы ракеталарын иштеп чыгып, келишимди бузду деп Орусияны айыптап келген. Москва дооматтарды четке кагууда. Кремлдин 9M729 ракета системасы стратегиялык аймактарда жайгаштырганы боюнча Вашингтон далилдер бар экенин билдирген эле. Кийин НАТО уюму дагы далилдер бар экенин тастыктаган.

Февраль айында президент Трамп "Орусия келишимдин милдеттенмелерин 2-августка чейин аткарбаса, АКШ келишимден бир тараптуу чыгат", деп эскерткен. Орусиянын президенти Путин болсо, "Вашингтон келишимден баш тартса, Москва дагы макулдашуудагы милдеттерин аткарбай турганын" айткан.

1987-жылы орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салган келишимге СССРдин лидери М.Горбачев менен АКШнын президенти Р.Рейган кол койгон. Анда 500 чакырымдан 5,500 чакырымга жете алган ракеталарга тыюу салынган. 1991-жылга чейин эки держава келишимди урматтап 2700 ракетасын жок кылган.

Mikhail Gorbachev and Ronald Reagan signing the INF Treaty in 1987

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, СССРдин лидери М.Горбачев менен АКШнын президенти Р.Рейган

Кандай коркунучтар бар?

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш "өзөктүк согушту токтоткон" келишим жокко чыгарылып жатканын эскертти.

Components of SSC-8/9M729 cruise missile system are on display during a news briefing, January 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын 9M729 ракета системасы

"Бул кадам баллистикалык ракета түзгөн коркунучту басаңдатпайт, тескерисинче жогорулатат",-деп билдирди Гуттериш. БУУнун баш катчысы бардык тараптарды мунаса таап, эл аралык курал жарышын көзөмөлгө алууга чакырды.

Адистер болсо орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимдин жокко чыгарылышы Орусия, Кытай менен АКШ ортосунда "жарыша куралданууга" түрткү болот деген тынчсыздануусун айтууда.

"Келишим жокко чыгарылгандан кийин жаңы муундагы куралдар чыгарылат жана стратегиялык мааниси бар аймактарда жайгаштырылат. Орусия ага даяр",-деди Орусиянын аскердик эксперти Павел Фелгенхауэр.

НАТО Европада өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды жайгаштыруу боюнча долбоору жок. Бирок уюм аймакка ракетадан коргонуу системасын жайгаштырып, аскердик машыгууларын өткөрүшү ыктымал. Ошондой эле НАТО жооп катары куралдарды көзөмөлдөө боюнча жаңы долбоор иштеп чыгышы ыктымал.

A Russian missile is fired during military exercises

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия Вашингтондун дооматтарын четке кагып келет

Өткөн айда НАТОнын баш катчысы Столтенберг Орусия келишимди бузуп, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды иштеп чыкканын айткан. Бул ракеталарды "бир аймактан экинчи аймакка жылдыруу жеңил, абадан байкоо оор жана Европанын шаарларына бир нече мүнөттө жете алат", деп эскерткен Столтенберг.

Эмнеге макулдашуу токтотулду?

2007-жылы Орусиянын президенти Путин келишим өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбейт деп маалымдаган. Ага чейин 2002-жылы АКШнын мурдагы президенти Буш Баллистикалык ракеталарга каршы келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Макулдашуу өзөктүк дүрмөтү бар баллистикалык ракеталарды көзөмөлдөө үчүн жаралган эле.

Видеонун түшүндүрмөсү, Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык комплекси

2014-жылы Орусия жаңы ракеталарын сынагандан кийин АКШнын мурдагы лидери Обама Москва орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарга тыюу салган келишимдин бузду деп айыптаган. Анда Обама келишимден бир тараптуу чыгып кетүү ниетин билдирген, бирок Европадагы өнөктөштөрү көндүрүп, келишим күчүндө кала берген. 2018-жылы НАТО менен АКШ кайрадан Орусия келишимди урматтабай жатат деп доомат артты.

"Орусия 9M729 системасын иштеп чыгып, аны аймактарда жайгаштырды. Бул келишимди бузат жана Европанын коопсуздугуна коркунуч жаратат",-деп билдирген НАТО уюму.

Орусиянын президенти Путин дооматтарды четке кагып, "АКШ келишимди жокко чыгаруу үчүн илинчек издеп жатат" деген пикирин билдирген. (AT)