Кытай Түндүк Корея менен мамилесин чыңдайт

This file photo taken on January 8, 2019 and released on January 10 by North Korea's official Korean Central News Agency (KCNA) shows North Korea's visiting leader Kim Jong Un (L) shaking hands with China's President Xi Jinping (R) during a welcome ceremony at the Great Hall of the People in Beijing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын бир жыл ичинде төрт жолу Бээжинге келип-кеткен

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биринчи жолу мамлекеттик иш сапар менен Түндүк Кореяга келди.

Эки күндүк иш сапар учурунда Си Цзиньпин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Корей жарым аралындагы көйгөйлөрдү талкууга алат.

Кытай лидерлери акыркы жолу 14 жыл мурун Түндүк Кореяга иш сапары менен барган. Анда Си Цзиньпин бийликке келе элек болчу.

Бул иш сапар Жапонияда өтө турган "Чоң жыйырма" саммитинин алдында жасалды. Саммитте Си Цзиньпин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, соода көйгөйлөрүнөн тышкары Корей жарым аралындагы маселелерди дагы талкуулашат деп күтүлүүдө.

Февралда Вьетнам баш калаасы Ханойдо АКШ президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу өткөн. Сүйлөшүүлөрү болжонгон убакыттан эрте аяктап, эки лидер Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жөнүндө бир чечимге келе алышкан эмес.

US President Donald Trump (R) and North Korea's leader Kim Jong Un (L) walk toward one another at the start of their historic US-North Korea summit, at the Capella Hotel on Sentosa island in Singapore on June 12, 2018.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы июнь айында АКШ президенти Дональд Трамп менен Ким Чен Ын биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Кытай Түндүк Кореянын экономикалык жана дипломатиялык негизги өнөктөшү катары эсептелет. Ким Чен Ын Кытайга төрт жолу иш сапары менен келген. Бирок Кытайдын лидери акыркы жолу 2005-жылы Пхеньянга барган.

Кытай лидери Пхеньянга эмнеге барды?

Си Цзиньпин 2012-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Түндүк Кореяга келди. Кытай лидеринин сапары Ким Чен Ын үчүн абдан маанилүү.

Түндүк Корея дүйнө коомчулугу тарабынан обочолонуп калган өлкө. Анткени өзөктүк курал программасынан баш тартпай койгону, адам укуктарынын бузулушу, эл аралык укуктарды бузганы Пхеньянды БУУнун санкцияларына туш кылды.

Ханойдогу сүйлөшүүлөр натыйжасыз жыйынтыкталгандан кийин, эки тараптын өзөктүк курал боюнча көйгөйлөрдү дагы талкууга алуусу күтүлүүдө.

Талдоочулардын айтымында, Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр эмнеге үзүлгөнүн тактап, келечекте аны улантса болобу же жокпу деген суроого жооп издейт. Бул маалыматты Кытай лидери Жапониядагы "Чоң жыйырманын" саммитинде АКШнын президенти Трамп менен бөлүшөт деп айтылууда.

Кытайдын максаты

Кытайдын негизги максаты туруктуулукка жетүү жана экономикалык мамилени чыңдоо. Ошондой эле Бээжин Корей жарым аралында негизги оюнчулардын бири болуп калгысы келет.

Rocket launchers firing in North Korea, 4 May 2019

Сүрөттүн булагы, AFP/KCNA VIA KNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк долбооруна каршы чыккан

Эки мамлекет тарыхый өнөктөштөр. Бирок соңку он жыл ичинде эки тараптын мамилеси солгундады. Буга Түндүк Кореянын өзөктүк долбооруна Кытай каршы чыкканы себеп болгон.

Мамлекеттик China Daily гезити сүйлөшүүлөр учурунда эки лидер "келечектеги долбоорлор боюнча келишим түзөт" деп жазды. Ал эми Түндүк Кореянын мамлекеттик Rodong Sinmun гезити "Кытай Корей жарым аралындагы саясий көйгөйлөрдү жайгаруу үчүн Пхеньянды колдойт" деп жазды.

Түндүк Кореянын көздөгөнү эмне?

Сырт дүйнөдөн бөлүнүп калган Ким Чен Ын Кытай менен мамилесин чыңдап, Кытайдын кубаттуу экономикасынан колдоо алууну көздөйт.

"Түндүк Корея бири-бирине карата ишенич жок болсо да өнөктөштөрүн жакын кармагысы келет",-дейт саясат таанучу Женни Тоун.

Эл аралык санкциялардан улам Түндүк Кореянын экономикасы сазга батты. Кытай болсо Пхеньяндын эң ири соода өнөктөшү болгонуна карабастан, санкцияларды колдоду. Бирок Бээжин Түндүк Корея өзөктүк куралын жок кылууга макул болсо, жеңилдик берүү зарыл экенин айтып келет.

Бээжин жеңилдиктер болбосо Түндүк Корея экономикалык каатчылыктын айынан баллистикалык ракеталарын же өзөктүк куралын кайрадан сыноодон өткөрөт деп кооптонуп турат. Бирок айрым адистер Кытай экономикалык жардам көрсөтсө, Түндүк Корея өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөргө катышпай коюшу ыктымал деп эскертишүүдө.

One of the Stamps on Display at the North Korea Pavilion at 2010 Shanghai World Expo in Shanghai China 07 May 2010 Showing the 2005 Pyongyang Meeting of North Korean Leader Kim Jong Il and Chinese President Hu Jintao

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2005-жылы Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтао үч күндүк иш сапар менен Пхеньянга барган

Учурунда Кытайдын лидери Мао Цзедун эки өлкөнүн ортосундагы мамилени "тил менен тиштей" жакын деп баалаган экен.

Акыркы жолу Кытай лидерлеринин сапары 2005-жылы болгон. Анда Кытайдын мурдагы төрагасы Ху Цзиньтао үч күндүк иш сапар менен Пхеньянга келип, ошол кездеги КЭДР лидери Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир тосуп алган.

Миңдеген түндүккореялыктар көчөгө чыгып, Ху Цзиньтаодун унаасы өтүп кеткиче бир нече саат бою жылбай турушкан.

Жолугушуу учурунда Ким Чен Ир Кытайдын өзөктүк долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттерин колдоп, Пхеньян дагы аларга катышат деп убада берген.

Ху Цзиньтаодун менен Ким Чен Ир бир нече жолу Кытайда дагы Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (AT)