Ким Чен Ын "оң колун" чыккынчы жарыяладыбы?

Kim Yong-chol

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Ен Чол мурда атайын кызматта иштеген жана аны мыкты "стратег" деп мүнөздөшүүдө

Түндүк Кореянын эмгек лагерине жөнөтүлдү делген жогорку даражадагы чиновниги Ким Чен Ын менен бирге концертке барганы тууралуу кабарлар тарады.

Өткөн аптада Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" басылмасы КЭДР бир нече чиновникти өлүм жазасына тартканы тууралуу жазып чыккан. Алардын февралдагы Вьетнамдын баш калаасы Ханойдо өткөн Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга тиешеси бар деп жазган басылма.

Тараган кабарларда Мамлекеттик кеңештин АКШ менен байланыштар боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхоль жана Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери өлүм жазасына тартылганы айтылган.

Ким Чен Ындын "оң колу" делген генерал Ким Ен Чол эмгек лагерине жөнөтүлгөн деп жазышты. Бирок генерал жекшемби күнү Түндүк Кореянын лидерин концертке коштоп келди

Сүрөттүн булагы, Reuters/KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ындын "оң колу" делген генерал Ким Ен Чол эмгек лагерине жөнөтүлгөн деп жазышты. Бирок генерал жекшемби күнү Түндүк Кореянын лидерин концертке коштоп келди

Ал эми Ким Чен Ындын "оң колу" делген генерал Ким Ен Чол эмгек лагерине жөнөтүлгөн деп жазышты. Бирок генерал жекшемби күнү Түндүк Кореянын лидерин концертке коштоп келди.

"Чосон ильбо" басылмасы өзүнүн маалымат берген булагын көрсөткөн эмес. Бирок бул басылмадан башка маалыматты тастыктаган бир дагы ММК же билдирүүлөр болгон жок. Өлүм жазасына тартылгандарды АКШнын пайдасы үчүн тыңчылык кылган деп айыпташкан.

Түштүк Кореянын медиасы буга чейин да таанымал түндүккореялыктар өлүм жазасына тартылды деп жаңылыш маалымдаган. Маселен, 2013-жылы белгилүү ырчы Хён Сон Воль өлүм жазасына тартылды кабарланган. Бирок 2018-жылкы Сеул Кышкы олимпиадасында ырчы Түндүк Кореянын делегациясы менен бирге келген.

Ким Ен Чол деген ким?

Сүрөттөрдөн 72 жаштагы генерал Ким Чен Ынды дайыма коштоп жүргөнүн көрүүгө болот. Түндүк Кореянын лидери эки ирет Кытайга келгенде жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолукканда, Ким Ен Чол анын жанында турган.

Donald Trump stands with Kim Yong-chol

Сүрөттүн булагы, White House

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2018-жылы Ким Ен Чол АКШнын президенти Трампка Ким Чен Ындын катын жеткирип барган

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Пхеньянга келгенде генерал Ким Ен Чол менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Ким Ен Чол мурда атайын кызматта иштеген жана аны мыкты "стратег" деп мүнөздөшүүдө. Вашингтон менен Пхеньяндын өзөктүк куралдарды жок кылуу боюнча келишимге жетүүдө генерал Ким Ен Чолдун ролу абдан маанилүү деп белгилешкен.

Генерал Ким Ен Чол 2010-жылы Түштүк Кореянын аскердик кемелерине болгон кол салууну жана 2014-жылы Sony Pictures компаниясына жасалган кибер чабуулду уюштурду деп айыпталган.

Ким Чен Ындын ырайымсыз жазалары

2013-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү таасирдүү делген жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматтар тараган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Чан Сон Тхэк аскердик трибуналдын алдында өз күнөөсүн мойнуна алганын жана өлүм жазасы дароо аткарылганын билдирген.

Расмий маалыматтарда Тхэк "саясаттагы кара ниет дымагы" үчүн айыпталып, өзүн өлкөнүн лидери менен тең санап, аны "бийликтен кулатууну" көздөгөн деп күнөөлөнгөнү айтылганы бар. (AT)