"Америка бизди ажыраткан": КЭДР тургундары жашоосу тууралуу

    • Author, Майкл Коуэн
    • Role, Би-би-си

Түндүк Кореяда жөнжай тургундар менен сүйлөшүү дээрлик мүмкүн эмес. Анткени сырттан келген кишини полиция коштоп алат, аларга сырткы дүйнө менен байланышууга бөгөт коюлган.

ТВ
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чет элдик тасмаларды, ТВ программаларды көрүү, аткезчилик менен товарларды алып өткөнү үчүн 10 жылга эмгек лагерине кесилет.

Бирок КЭДРдин эки тургуну кооптуу экенине карабай Victoria Derbyshire программасынын журналисттери менен маектешүүгө макул болду. Бир нече ай Би-би-си жашыруун каналдары аркылуу Түндүк Корея тургундарына суроолорду жолдоп, ага жооп алууга аракет кылган.

Түндүк Кореяда Ким Чен Ынды кудайдай эле көрүшөт. Жарандарга лидер баарын билген, кудуреттүү киши деп кулагына кумдай куюшат.

Базарда сатуучу болуп иштеген Сун Хи (ысымы өзгөртүлдү) лидер жөнүндө ачык сөз кылуу, өмүрүң менен тобокелчиликке баргандай эле болорун жакшы билет.

"Кишилер көп учурда Ким Чен Ынды бизнес менен алектенет деп сындашат", -деди ал өлкөдөгү нааразылык тууралуу.

"Америка бизди ажыраткан"

Эгерде КЭДР бийлиги Сун Хинин чыныгы аты-жөнүн билип калчу болсо, аны ырайымсыз жаза күтүп турмак. Эмгек лагерине кесип жиберишмек, балким өлүм жазасына деле тартышмак. Анын өзүнөн сырткары үч мууну запкы көрмөк.

Сун Хи күйөөсү жана эки кызы менен турат. Соода жакшы болуп турса, күнүнө үч жолу ысык тамак ичишет. Эгерде соодасы жүрбөй калса, күрүч жана жүгөрү ботко менен олтуруп калышат.

Ал иштеген базарда азык-түлүк, кийим-кече, аткезчилик жол менен келген техника сатылат. Түштүк кореялык Daily NK басылмасынын эсебинде, дээрлик беш миллиондой кишинин жашоосу кыйыр же түз эле ушундай базарлар менен байланышкан.

Базардагы соода-сатык катаал коммунисттик үлгүдөгү өлкөнүн саясатына караманча каршы келет. Бирок экономикалык санкцияга кабылып, талон аркылуу азык-түлүк берилип, бардыгы чектелген өлкөдө тургундар базар аркылуу жан сактап келишет.

Ким Чен Ын
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пхеньяндын Батышка карата мамилесин жумшартканы, өзөктүк курал сынаган полигонун жок кылганы бийликтин чын дилинен жасалган аракет катары да бааланып жатат.

Бийлик 1990-жылдардын орто чениндеги массалык ачкачылыктын кайра кайталанышына жол бербөөгө аракет кылат. Анда миллионго чукул киши ачаарчылыктан көз жумганы айтылган.

Сун Хинин айтымында, базарларга тийшпегени үчүн көпчүлүк Ким Чен Ынды алкашат. Мындай чакан базарларды ар дайым ушак менен каңшаар кептер аралап жүрөт.

"Америкалык президент келет экен деп базардан уктук,-дейт Сун Хи. - Кишилер жолугушуу тууралуу көп деле билбейт. Американы эч ким жактырбайт да".

"Биздин жакырчылыгыбыздын себеби Америка деп айтабыз. Анткени ал бизди ажыратып, бөлүп салган (Түштүк Кореядан)".

Өлкөгө келип жаткан маалыматтар КЭДР бийлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, мамлекеттик пропаганда АКШ менен түштүк коңшусун ачуу сындайт.

"Бирок акыркы учурларда баары өзгөрүп жатат. Түштүк менен дос болушубуз керек деп айтылып жатат",-деди Сун Хи.

"Жакында эле бизге "баарбыздын жашообуз жакшы болушу үчүн Америка менен тынчтыкта жашашыбыз керек" деп кабарлашты".

Бул өтө чоң өзгөрүү.

Кишилер дайынсыз кеткен учурлар сейрек болуп калды

Chol Ho
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чол Хо (аты-жөнү өзгөртүлдү) КЭДР армиясында кызмат өтөйт.

Пхеньяндын Батышка карата мамилесин жумшартканы, өзөктүк курал сынаган полигонун жок кылганы бийликтин чын дилинен жасалган аракет катары да бааланып жатат. Мунун өзү Ким Чен Ын ачык эле АКШ менен жарашууга ынтызар экенин көрсөтүүдө.

Ким Чен Ын менен президент Дональд Трамптын саммити жылдырылганы менен, жолугушуу өтөт деп болжосо болот.

Чол Хо (аты-жөнү өзгөртүлдү) КЭДР армиясында кызмат өтөйт.

Журналисттер менен жашыруун сүйлөшкөн Чол Хо өлкөнүн ичинде жашоо-турмушка нааразы болгондор бар экенин белгиледи.

"Кээде туура эмес сүйлөгөнү үчүн коопсуздук кызматы кишилерди камакка алган учур болот. Андай учурда кишилер ың-жыңсыз эле дайыны табылбай кетет. Бирок акыркы учурад андай боло элек".

Чол Хонун айтымында, камакка алынгандар атайын лагерлерге жөнөтүлөт. Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, мындай легерлердин биринде болжолуу 20 миң киши кармалат.

Арйым учурда жок эле нерселерди деле моюнга илип, лагерге айдап жиберген окуялар болот деди Чол Хо.

"Кытайга кетүүгө аракет кылгамын деп айтырып, моюнуна илип туруп камакка алгандар болот".

Төмөнкү шаардагы мелодрамалар

Чет элдик тасмаларды, ТВ программаларды көрүү, аткезчилик менен товарларды алып өткөнү үчүн 10 жылга эмгек лагерине кесилет.

Сун Хи с едой
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сун Хи жашаган аймак чек арадан алыс

Бийлик чет элдик ММКларды катуу көзөмөлдөйт. Бирок кээ бирлер Кытайдан USB-флешка, DVD-диск аркылуу тасмаларды көчүрүп келишет экен.

"Албетте, корей программалары эң эле популярдуу",-дейт Сун Хи. Кээде түндөсү өзү да жашырынып чет элдик жана кореялык тасмалары көрөрүн айтып берди.

"Бирок муну катуу текшеришет. Эгерде кармалып калсаң канча пара берип кутулса болорун уккамын. Чоң акча алышат, бирок кишилер мындай тасмаларды көргүсү келе берет".

"Мындай тасмаларды түшүнүү оңой, түштүк кореялыктар кандай жашап жатканы кишилерге кызыктуу".

Ошол эле учурда көптөгөн Түндүк Корея тургундары өз жашоосунан башка турмушту билишпейт.

Өлкөнүн айрым аймактарында кишилер өмүрүн тобокелге салып, Кытайга, Түштүк Кореяга качып өткөн учурлар болот. Соңку жылдары чек арада көзөмөл күчөп, качкындар саны кескин азайган.

Сун Хи жашаган аймак чек арадан алыс. Качып өткөндөр тууралуу кабарлар өтө сейрек учурда айтылат. Мындайда Түштүк Кореяга өтүп кетиптир деп айтууга болбойт.

"Коңшулар дайынсыз болуп калганда, биз: "Ал Төмөнкү шаарга кетиптир" деп коебуз",-деп түшүндүрдү Сун Хи. (AbA)