Түндүк Кореяда өлүм жазасына тартылган чиновниктер

Түштүк Кореянын "Чосон ильбо" басылмасы КЭДР бир нече чиновникти өлүм жазасына тартканы тууралуу жазып чыкты. Ал чиновниктердин февралдагы Вьетнам баш калаасы Ханойдо өткөн Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга тиешеси бар деп жазат басылма.

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, Reuters

Маалыматка караганда, Мамлекеттик кеңештин АКШ менен байланыштар боюнча атайын өкүлү Ким Хёк Чхоль жана Тышкы иштер министрлигинин төрт кызматкери атууга кеткен.

Бул тууралуу маалымат берген булактын ысымы аталган эмес. Бирок аны тастыктаган башка маалыматтар болгон жок. Өлүм жазасына тартылгандарды АКШнын пайдасы үчүн тыңчылык кылган деп айыпташкан.

2013-жылы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын өлкөдөгү таасирдүү делген жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматтар тараган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Чан Сон Тхэк аскердик трибуналдын алдында өз күнөөсүн мойнуна алганын жана өлүм жазасы дароо аткарылганын билдирген.

Расмий маалыматтарда Тхэк "саясаттагы кара ниет дымагы" үчүн айыпталып, өзүн өлкөнүн лидери менен тең санап, аны "бийликтен кулатууну" көздөгөн деп күнөөлөнгөнү айтылганы бар.

Trump and Kim

Сүрөттүн булагы, AFP

Эми Ханойдо өткөн Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу тууралуу.

Февралдын этегинде Вьетнам баш калаасы Ханойдо өткөн сүйлөшүүлөр болжонгон убакыттан эрте аяктаган эле. Эки лидер Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жөнүндө бир чечимге келе алышкан жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин сүйлөшүүлөрү кандайдыр бир чечимдери жок аяктаганын билдирген. "Эң башкы маселе болгон өзөктүк куралды жок кылуу боюнча бир бүтүмгө келе алышпады. Ошого карабастан, ал жолугушуу жакшы жана конструктивдүү болду",-деген ал.

Трамп менен Ким Чен Ындын биргелешкен билдирүүсү дагы болгон эмес. Кийин Трамптын басма сөз жыйыны бир саат эрте башталып, АКШ президенти Түндүк Кореяга америкалык санкциялар сакталат деп билдирүү жасаган.

Ошол эле убакта Түндүк Корея санкциялардын алынышын жана өзөктүк курал маселесинде тил табышууну каалаган экен.

"Алар санкциялар бүт алынса деп жатышат, бирок биз буга макул боло албадык",-деген АКШ президенти. (AbA)