КЭДР полигондорун калыбына келтирип жатабы?
Түндүк Кореянын бийлиги Сохэ полигонун жок кылуу убадасын берген. Бирок аналитиктер полигондо калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бул тууралуу алгачкылардан болуп 38 North аналитикалык сайты жазып чыкты. Алар бир нече америкалык институттар сунуштаган спутник сүрөттөрүн анализдешкен. Сүрөттөрдө полигондун аймагында жаңы имараттар пайда болгону көрүнүп турат.
КЭДР 2018-жылы Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусунда Тончхандагы ракета сыноосун өткөргөн полигонду толук жок кылуу убадасын берген. Ал жерге чет элдик байкоочуларды киргизүүгө дагы милдеттенме алган эле. Бирок байкоочулар полигонду көрүшкөн жок.
Сохэ полигону болсо спутник учуруу жана кыймылдаткычтарды сыноо үчүн колдонулуп келген. Ракета сыноосу ал жерде өткөрүлгөн эмес деди Би-Би-Си менен маегинде 38 North редактору Женни Таун.
"Бул өтө маанилүү айырмачылык. КЭДР полигонду өзөктүк курал жасоо программасынын бир бөлүгү катары карашы мүмкүн же жарандык космикалык программасы болушу да мүмкүн. Алар мурда эле бул айырмачылык тууралуу айтып келишкен",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада Вьетнамдын баш калаасы Ханойдо Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын экинчи жолку саммити өттү. Сүйлөшүүлөрү болжонгон убакыттан эрте аяктап, эки лидер Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жөнүндө бир чечимге келе алышкан эмес.
Шейшембиде президент Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон КЭДРге жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдирди. Таундун айтымында, жаңы санкциялар дипломатиялык жараяндар таптакыр токтогон учурда гана киргизилет.(AbA)








