Кытайдын экономикасы солгундады: кооптонууга негиз барбы?

A woman works in a shoe factory in China

Сүрөттүн булагы, Getty Images

2018-жылы Кытайдын экономикасы 6,6 пайызга өстү. Бул 1990-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Ошондой эле былтыр Кытайдын баалуу кагаздар базарында олку-солку абал түзүлүп, баалар 28 пайызга төмөндөдү.

Буга чейин дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын солгундаганы дүйнө жүзүнө таасир этет деген тынчсыздануулар айтылган. Мисалы, Apple компаниясы Кытайдагы экономикалык абалдан улам мурда болжогондой өсүшкө жетпей калаарын жар салган. General Motors, Ford, Jaguar Land Rover жана Fiat Chrysler унаа өндүргөн ишканалар да өздөрүнүн кабатырлануусун билдиришти.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу да абалга терс таасир этүүдө.

Sign in Chinese saying "new era in China"

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кытайдагы жаңы доор" деп жазылган айкел

Кытай экономикасынын абалы

Соңку жылдары Кытайдын экономикалык өсүшү басаңдап, орто эсеп менен алганда жылына 6,5 пайызга өсүп жатат. Соңку жыйырма жылдан бери Кытай жылына 12 пайызга чейин өсүп келген.

Жаңы жарыяланган статистикага ылайык,19 айдан бери биринчи жолу өндүрүштүн деңгээли да төмөндөдү. Заводдор товарларын сата албай, бул суроо-талап төмөндөгөнүнөн кабар берет.

Chinese economy

Окумуштуулар 2019-жылы Кытайдын экономикасы 6,1 пайызга өсөт деп жоромолдоду. Буга кабатырланууга негиз жок дешет алар.

Кытайдын экономикалык абалы эмнеге маанилүү?

Он же жыйырма жыл мурункуга салыштырганда, Кытай экономикасы дүйнөлүк соода системасына байланды. 2000-жылдары Кытай глобалдык сооданын жети гана пайызын түзгөн. Быйыл бул сан 19 пайызга жетти.

25 жылдын ичинде Кытай экинчи ири экономикага айланып, жергиликтүү компаниялар дүйнөнүн ар бурчундагы ишканалар менен товар жүгүртүүдө.

Окумуштуулар Кытай экономикасы тез өсүп, учурда айрым товарлардын баасын аныктай алчу деңгээлге жеткенин белгилешүүдө.

Жер шарында өндүрүлгөн темир, жез, көмүр жана цементтин жарымы Кытайга сатылат. Демек, кытайлыктар бул товарды сатып албай калса, анын баасы кескин төмөндөйт.

АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушу

Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти.

Women work in a factory in China

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2019-жылы Кытайдын экономикасы 6,1 пайызга өсөт деп жоромолдонууда

АКШнын лидери Трамп "соода тармагындагы мазактоого мындан ары чыдай албайбыз. Биз ага жол бербейбиз" деп кайрылуу жасаганына бир ай өткөндөн кийин, Вашингтон Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көрдү. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон жок.

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан соо калбайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат. (AT)