Neuralink: Илон Маск мээге чип орнотууну көздөйт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Миллиардер Илон Маск мээсине тыйындай болгон чип орнотулган Гертруд аттуу чочкону дүйнөгө көрсөттү. Бул кадамы аркылуу Маск келечекте мээ менен түз байланышкан аппарат чыгарууну көздөп турганын ачыктады.
Белгилүү ишкердин Neuralink компаниясы өткөн жылы чипти адамдардын мээсине орнотуп, сыноо өткөрүү боюнча уруксат алуу документтерин тапшырган.
Жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам бермекчи. Мээсине чип орнотулган адам алыстан туруп эле уюлдук телефон же компьютерди башкара алат. Маск мырза чип технологиясы деменция же паркинсон илеттерин дарылап, шал болуп калган бейтаптарды бутуна тургуза алат деп айтууда.
Бирок келечекте мындай чиптер менен жасалма интеллектке туруштук берүү мүмкүн болот, дейт ишкер. Илон Маск жасалма интеллект келечекте адамзатка коркунуч жаратышы мүмкүн экенине ишенет.
Гертруддан тышкары дагы эки чочконун мээсине чип орнотулган. Илон Маск тарткан видеодо чочконун мээсиндеги неврологиялык өзгөрүүлөр компьютер программасында байкалып турду.
Илон Масктын айтымында, Neuralink компаниясынын алгачкы чыгарган чипти азыркы аппарат менен салыштырганда, ал кыйла жөнөкөйлөштүрүлүп жана көлөмү дагы кичирейди.
"Баш сөөктүн алдына жайгаштырылат, эчтеке деле сезбейсиң. Чачтын астында чип бар экенин билбей деле каласың",-дейт Маск.
2017-жылы негизделген Neuralink компаниясы бул багытта иштеген окумуштууларды таба албай кыйналды. Илон Маск өткөн айы "Твиттер" баракчасына дагы деле окумуштууларды издеп жатканын жазган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Компания чыгарган чипте үч миңден ашуун электроддор адамдын чач кылынан ичке жана ийкемдүү зымдар менен байланган. Электроддор мээдеги миңден ашуун нейрондорго байкоо салат.
Окумуштуу Ари Бенжаминдин айтымында, адамдын мээси абдан татаал болгону технологияны өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдуктардын бири экенин айтууда.
"Мээнин нейрондоруна байкоо салгандан кийин, аны чечмелеши керек. Ошондо мээ кантип иштеп жатканы боюнча түшүнүгүбүз абдан жөнөкөй болгондуктан, маалыматты чечмелей албай калышат",-дейт окумуштуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Илон Маск деген ким?
Түштүк Африкада туулган канадалык-америкалык бизнес-магнат, инвестор, инженер жана ойлоп табуучу. Маск мырза PayPal аттуу интернет аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу системасын ойлоп чыгып, компаниясын 160 миллион долларга саткан.
Маск тапкан байлыгын улам жаңы технология, инновацияга жумшап электр кубаты менен жүргөн Tesla, жогорку ылдамдыкта жүргөн Hyperloop транспорт системасы жана космоско туристтерди алып баруу максатында SpaceX компаниясын негиздеген.















