Марска учуу: Илон Маск Starship кемесин көрсөттү

Starship

Сүрөттүн булагы, Getty Images

SpaceX компаниясынын жетекчиси, америкалык бизнесмен жана ойлоп табуучу Илон Маск жарым жылдан кийин Starship космостук кемесин учура турганын жарыялады.

Компаниянын Техас штатындагы сыноо полигонунда кеменин макети көрсөтүлдү. Масктын айтымында, алдыдагы айларда бир нече сыноолор өтөт. Анда кеме 20 чакырымдай бийиктикке учуусу керек. Андан кийин төмөнкү орбитага чыгат.

Кеменин узундугу 50 метр жана диаметри 9 метр, 150 тонна жүк көтөрөт.

Маск презентация учурунда анын максаты адамзатты башка планетага көчүрүп баруу экенин бир нече ирет кайталады. Буга чейин Илон Маск мындай үлгүдөгү кеме менен миңдей киши учуп, Марсты өздөштүрөт деп айтып келгени бар. Бирок ага чейин бул кеме туристтерди салып Айга учат. Анын пландарын эксперттер сынга алып, айрымдары муну ишке ашпай турган фантастика атады.

Илон Маск

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ал ортодо SpaceX компаниясынын эң ири буюртмачысы болгон америкалык НАСА агенттиги компанияны Crew Dragon кемесин бүтүрүүгө чакырды. Бул кеме Эл аралык космос станциясына учууга тийиш эле. Долбоор техникалык себептер менен бир нече ирет артка жылдырылган.

Мунун эсебинен НАСА менен Масктын компаниясы ортосунда пикир келишпестик орун алууда.

Ишембиде Маск НАСАнын дооматтарына жооп берип, Starship долбоору менен компаниянын беш пайыз гана кызматкерлери иштеп жатканын айтты. Негизги ресурстар Falcon жана Dragon долбооруна жумшалып жатат. "Өзгөчө Crew Dragon кемесинин үстүнөн иш жүрүүдө",- деди Илон Маск.

Илон Масктын SpaceX компаниясы Марс планетасын өздөштүрүү планын көптөн бери эле айтып келүүдө. Өткөн жылы компания эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан ийгиликтүү учурган. Falcon Heavy ракетасынын бийиктиги 70 метр, 64 тоннага тете салмакты же Лондондо колдонулган эки кабаттуу беш автобусту мейкиндикке жеткире алганы менен өзгөчө.

Маск Falcon Heavy ракетага өзүнүн Tesla унаасын жүктөгөн эле. Ага скафандр кийген манекен отургузулган. (AbA)