SpaceX тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын космоско учурду

Falcon Heavy ракетасы Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан ийгиликтүү учту

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Falcon Heavy ракетасы Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан ийгиликтүү учту

Америкалык бизнесмен Илон Масктын жеке SpaceX компаниясы тарыхтагы эң кубаттуу Falcon Heavy ракетасын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан ийгиликтүү учурду.

Адистер Falcon Heavy ракетасы максатына жетпей калышы мүмкүн деп айтышкан. Ал эми SpaceX компаниясынын жетекчиси ракетанын ийгиликтүү көтөрүлүшүнүн кепилдиги 50 пайыз деп билдирген.

Миллиардер Илон Маск Falcon Heavy космоско көтөрүлгөндөн кийин "акылка сыйбаган кыялдар дагы орундалат" деп билдирди.

Тарыхтагы эң чоң делген ракетага SpaceX компаниясынын мурдагы Falcon 9 ракетасынын эки мотору жана бир борбордук мотору орнотулган.

Илон Маск: акылка сыйбаган кыялдар дагы орундалат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илон Маск: акылка сыйбаган кыялдар дагы орундалат

Falcon Heavy ракетасынын бийиктиги 70 метр, 64 тоннага тете салмакты же Лондондо колдонулган эки кабаттуу беш автобусту мейкиндикке жеткире алат.

Бул ракета коммерциялык космостук жарышта лидер катары сыпатталып, астронавттарды Жер планетасынын орбитасынан ары жеткирүүгө кубаты жетет.

"Falcon Heavy мурдагы эң кубаттуу делген Delta IV Heavy ракетасынан эки эсеге күчтүүрөк, бирок баасы үчтөн бирин гана түзөт", -деп белгиледи Маск.

Тесла унаасына камералар дагы орнотулду

Сүрөттүн булагы, SPACEX

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тесла унаасына камералар дагы орнотулду

Ракетасын биринчи жолу космоско учуруп жатканда, Маск мырза көп оор болбосун деген ой менен Falcon Heavy ракетага өзүнүн Tesla унаасын жүктөдү.

Анын айдоочусу болуп унаада скафандр кийген манекен отурду. Ал эми машинанын ичинде Дэвид Боуинин "Don't Panic" же "Дүрбөлөңгө түшпө" деген ыры жаңырып турду.

Тесла унаасына камералар дагы орнотулду. Ал тарткан тасма абдан баалуу болоору белгиленүүдө.

Falcon Heavy ракетасы Марс планетасына чейин жетет деп жоромолдонду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Андан дагы кызыгы, Falcon Heavy орбитага көтөрүлгөндөн кийин анын көп жолу колдонулчу бустеринин (ракетаны учуруучу жабдык) экөөсү кайра жерге тикесинен ийгиликтүү конду.

Үчүнчү борбордук бустер деңиздеги кемеге конмок. Бирок ал ылдамдыгын жайлата албай, деңизге түшүп талкаланды.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Илон Маск дал ушул бустерлерди көп жолу колдонууну космостук коммерциялык жарыштагы чечүүчү жагдай катары атады.