Nasa менен SpaceX компаниясынын биргелешкен миссиясы аба ырайынан улам жылдырылды

Сүрөттүн булагы, Jane O'Brien/BBC
- Author, Пол Ринкон
- Role, Science editor, BBC News website
АКШнын космостук агенттиги НАСА менен SpaceX компаниясы аба ырайынан улам тарыхый миссиясын башка күнгө жылдырууга аргасыз болду.
Эки америкалык космонавт Даг Херли менен Роберт Бенкен Флоридадагы Кеннеди атындагы космос борборунан электр кубаты менен жүргөн Tesla унаасына отуруп келген.
Миссияга 16 мүнөт калганда атмосферадагы жагымсыз абалдан улам космостук кеме учпай калды.

Сүрөттүн булагы, NASA/Bill Ingalls

Сүрөттүн булагы, SPACEX
Белгилүү бизнесмен Илон Масктын SpaceX компаниясы эми ишемби күнү Crew Dragon кемесин орбитага учурат. Эгерде ал күнү дагы аба ырайы начар болсо, миссия жекшемби күнгө жылдырылат.
Бул миссия эмнеге тарыхый деп аталууда?

Сүрөттүн булагы, SpaceX
Эмнеге НАСАнын космонавттарын космоско жеке компания жеткирип жатат?
НАСА 2000-жылдын башынан бери космонавттарын Эл аралык космос станцияны жеткирүүнү жеке компанияга өткөрүп берүүнү көздөп келген. 2003-жылы Columbia космостук кемеси Жерге кайтып келгенде мүчүлүштүктөр пайда болгондо, НАСА көңүлүн адамды кайрадан Айга жеткирүүгө бурган. Бул миссияны ишке ашыруу үчүн акча үнөмдөлүшү маанилүү болчу. Эл аралык космос станциясына космонавттарды жана башка жүктөрдү жеткирүүнү жеке компанияга өткөрүп берүү акча үнөмдөөнүн жакшы ыкмасы.
2014-жылы НАСА Илон Масктын SpaceX менен Boeing компанияларын бул ишке жарамдуу деп тандаган. SpaceX кемесин Boeing компаниясын биринчи учуруп жатат. Crew Dragon кемеси Falcon 9 ракетанын жардамы менен Флоридадагы Кеннеди атындагы космос борборунан учат.

Сүрөттүн булагы, Spacex
Илон Маск деген ким?
Түштүк Африкада туулган канадалык-америкалык бизнес-магнат, инвестор, инженер жана ойлоп табуучу. Маск мырза PayPal аттуу интернет аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу системасын ойлоп чыгып, компаниясын 160 миллион долларга саткан.
Маск тапкан байлыгын улам жаңы технология, инновацияга жумшап электр кубаты менен жүргөн Tesla, жогорку ылдамдыкта жүргөн Hyperloop транспорт системасы жана космоско туристтерди алып баруу максатында SpaceX компаниясын негиздеген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
НАСА менен SpaceX миссиясы эмнеге маанилүү?
НАСА 2011-жылдан бери Орусиянын Союз космостук кемелерин колдонуп, космонавттарын Эл аралык космос станцияга жеткирип келген. Албетте, АКШ Орусиягы ондогон миллион доллар төлөп берүүгө аргасыз болду. Демек, Crew Dragon кеме тогуз жылдан бери биринчи жолу АКШнын аймагынан космоско учкан кеме болуп калмакчы. Ошондой эле, мындай миссияга биринчи жолу жеке компания аралашууда.
Crew Dragon кемеси тууралуу эмне белгилүү?
Crew Dragon кемеси шаршемби күнү космоско көтөрүлүүсү күтүлүп жатат. Кемеге жети космонавт батат, бирок НАСА жүк жөнөтүп жаткандыктан, бул жолу кемеге төрт гана космонавт отурат.
Жаңы технологиясынын жардамы менен кеме орбитада татаал маневрларды жасай алат жана Эл аралык космос станциясына өз алдынча жеткирип, эшиктерин ачат. Мурдагы космостук кемелерге салыштырганда, Crew Dragon кемесине сенсордук экрандар орнотулган, эч кандай баскычтар жок.

Сүрөттүн булагы, NASA
Миссия учурунда маселе жаралса эмне болот?
Crew Dragon кемесинин системасы адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн миссияны автоматтык түрдө токтотот. Эгерде ракета абага көтөрүлөр алдында кыймылдаткыча маселе жаралса, Crew Dragon космонавттардын өмүрүн сактап калуу үчүн ракетадан бөлүнүп, өз алдынча аба көтөрүлөт. Андан соң парашюттун жардамы менен Жерге түшөт. Кеменин коопсуздук системасын SpaceX 2020-жылы 19-январда ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.
Келечекте эмне болот?
Crew Dragon Demo-2 миссиясы ийгиликтүү аяктаса, НАСА менен $2,6 миллиард долларга бааланган келишимге ылайык, SpaceX дагы алты миссияны ишке ашырат. Boeing компаниясынын дагы $4,2 миллиард долларга баалаган келишими бар. Boeing CST-100 Starliner кемесин колдонмокчу.
Пол Ринкондун Twitter баракчасы.












